Аэрозолдук булгоо

Википедия дан

Аэрозолдук булгооатмосферанын (абанын) чоң жана майда дисперстүү бөлүкчөлөр, ошондой эле суюк заттар менен булганышы. Бул заттар атмосферанын туруктуу курамына кирбейт, бирок табигый концентрациясын арттырат. Аэрозолдук булгоочу заттарга чаң бөлүкчөлөрү, кислота тамчылары, өнөр жайда иштетилип чыккан газдардын моллекулярдык жыйындысы жана башка кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1