Аэрология станциясы

Википедия дан

Аэрология станциясы - атмосфераны такай изилдеп туруучу метеорологиялык мекеме. Радиолокатор же радиотеодолит менен жабдылып, алардын жардамы менен радиозонддун учушуна байкоо жүргүзөт. Атмосферанын 30-40 кмге чейинки бийиктигинде болуучу шамалдын ылдамдыгын, абанын температурасын, басымын жана нымдуулугун радиозонддун сигналы аркылуу аэрология радиолокатору кабыл алат. Алынган маалыматтар атмосфераны изилдөөдө жана аба ырайын прогноздоого пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1