Аэрометоддор

Википедия дан

Аэрометоддор (Жерди изилдөөдө) - жер бетин, андагы кубулуштарды, табигый жана өздөштүрүлгөн ландшафттарды атайын жабдылган самолеттун, вертолеттун, спутниктин же ракетанын жардамы менен изилдөө жана картага түшүрүү жолдору.

Жер бетинин жана андагы кубулуштардын физикалык касиеттери электрмагниттик толкундардын ар кандан спектр зоналары боюнча түрдүү приборлор менен абадан кабыл алынып капалат. Ошого байланыштуу Аэрометоддор аэрофотографиялык, фотоэлектрондук, аэрогеофизикалык жана аэровизуалдык болуп бөлүнөт. Аэрометоддордун 1-этабы - жер бетинин көрүнүшүн учуучу аппараттан сүрөт же регистрограмма түрүндө тартып алуудан, 2-этабы алардын мазмунун изилдөөдөн турат. Аэрометоддордун негизинде жер бети жана андагы кубулуштар жөнүндө көп маалымат качан бул эки этап өзгөчөлүгүнө жана коюлган максаттын маанисине жараша бирин бири толуктаганда гана алынат. Аэрометоддор түрдүү изилдөө процесстерин ылдамдатуу жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу менен алардын сапаттуулугун арттырып, изилдөөгө көмөк берет. Аэрометоддор өз алдынча же жер бетинде колдонулуучу башка методдор менен бирге эл чарбасынын көп тармагында (геологияда, геодезияда, токой чарбасында жана башкада) кеңири пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.