Аэроцистит

Википедия дан

Аэроцистит (гр. аэро..., kystis - кабы) - өрдөктүн жөжөлөрүнун жана жылкынын аба капчыгынын былжырлуу челинин сезгениши.

Аэроцистит жылкыда тарсылдак безинин, таноонун, кеңилжээрдин сезгенишинен пайда болот. Жылкынын температурасы көтөрүлүп, таноосунан ириң аралаш суюктук агат.

Виборг же Чубарь методу менен операция жасалат. Өрдөк жөжөлөрү бул дартка суукка урунуудан чалдыгат. Жөжөлөрдү көлчүккө кое бербей, абанын нымдуулугу 60-70% болгон жөжөканада багып, жемге антибиотик кошулуп берилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.