Аюке

Википедия дан

Аюке, Аюхай [1642 - 19.2.(1.3) 1724] Калмак хандыгынын ханы (1672-жылдан). Мончак хандын уулу, Жунгар хандыгында тарбияланган. 1669-жылы такка отурган. 1682—83-жылы Аюкенин аскерлери Россияга каршы чыккан башкырт козголоңдорун талкалоого катышкан. 1683-жылы келишим боюнча ал түбөлүккө орус букаралыгына өтүүгө милдеттенүү менен кызматы үчүн орус бийликтеринен маяна алып турган. Ошол эле учурда Россиянын Швеция, Осмон империясы, Крым хандыгы жана Персия менен болгон карама-каршылыктарын, өлкөдөгү көтөрүлүштөрдү өзалдынча саясат жүргүзүүдө ийгиликтүү пайдаланып келген. Россияга таянуу менен 1670жылдары Крым хандыгына каршы күрөшүп, 1680-90-жылдары Түндүк Кавказга, Казак, Хива, Түркмөн хандыктарына каршы жортуулдарды уюштурган. Болжол менен 1690-жылы Аюке келишпес атаандаштарынын баарын жок кылып, калгандары анын бийлигин таанышкан. Аюке 1690-жылы Далай Ламадан хан титулун алган. 17— 18-кылымдын чегинде өзүнүн уулдарына каршы күрөштө Петр I ден жардам сурап кайрылган. Уулу Санжип 15 миң түтүн эли менен Жунгар хандыгына (1701) көчүп кеткен. Аюке Астрахан (1705 — 06), Булавин көтөрүлүштөрүн (1707—09) басууга жардам берген, Түндүк согушунда (1700—21-жылдар) анын калмак атчандары орус армиясынын курамында согушкан. Ишенимдүү кызмат өтөгөндүгү үчүн Петр I аны алтын кылыч менен сыйлаган. Анын тушунда хандыктагы башкаруу системасы, салык чогултуу, сот иштерин жүргүзүү тартипке келтирилген. Аюке акылдуулугу, айлакерлиги жана ырайымсыздыгы менен белгилүү болуп, 50 жылдан ашуун бийлеген. Аюке Калмыкиянын тарыхындагы ири саясий ишмер катары белгилүү. Аюке такка мураскер катары кенже уулу Серен Дондукту калтырган. Анын небереси ДондукОмбонун тукумдары Дондуковдор, ДондуковКорсаковдор князь титулуна ээ болушкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1