Аяз

Википедия дан

Аяз — кыш мезгилиндеги атмосферанын төмөнкү температурадагы абалы. Кар түшкөндөн кийин болот. Аяз убагында чыкыроондоп, абанын темпрасы төмөндөп, карандай суук өкүм сүрөт. Аяз айрыкча Жер шарынын уюлдарга жакын жерлерине жана бийик тоолуу аймактарына мүнөздүү. Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарында (Аксай, Арпа, Суусамыр, Чаткал, Алай жана башка) аяз катуу болот. Кыргыздар мурда аязды абанын температурасына жараша темир аяз, мүйүз аяз, кийиз аяз деп бөлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1