Аяз-Кала

Википедия дан

Аяз-Кала — кушан маданиятына таандык археологиялык эстеликтер тобу. Арал деңизинен 200 км жерде, Амурдарыянын оң жагындагы Аязкала деп аталган асканын этегинде жайгашкан. Алгач 1939—40-жылы С. П. Толстов жетекчилик кылган Хорезм археологиялык эскпедициясы изилдеген. Аяз-Кала сепилиндеги мунаралардын үчөө азыр да сакталып турат. Алардын алгачкысы Аяз-Кала -3 сепили. Ал байыркы Хорезм шаарынан кем эмес, мунаралары менен аламан жолдору көп, мыкты чептер менен курчалган. Сепилдин ички жагында чоң сарайлардын орду сакталган. Аяз-Кала -2 сепили кушан доорунда (биздин заманга чейинки 3—2-кылым) салынып, 5—7-кылымда кайра жаңыртылган. Аяз-Кала -1 сепили асканын башына салынган. Мында чегарасы күзөтүп турган, кушан мамлекетинин чакан аскери жайгашкан коргондун калдыгы байкалат. Казуу учурунда кушан карапалары, эмгек куралдары, тыйындар, темир канжар, бычак, найзанын, жебенин учтары, колодон, алтындан жасалган буюмдар табылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1