Аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү

Википедия дан

Аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүүнүн жолдорун бир нече көрсөткүчтөр менен аныктоого болот. Бул аялдардын көз карашын кабыл алуу, билим берүү аркылуу алардын сабаттуулугун, ар тараптуулугун, мартабасын жогорулатуу дегендик.[1][2] Аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү аялдардын жашоосундагы маанилүү чечимдерди кабыл алуусуна, коомдогу ар кандай көйгөйлүү маселелерди чечүүсүнө өбөлгө түзөт.[2] Ошондой эле каалаган максаттарына жетүүдөгү эркиндик жана гендердик ролдогу ордун бекемдөөгө мүмкүндүк берет.[3]

Өнүгүү жана экономика тармагында дагы аялдардын укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү талкууга алына турган маанилүү тема болуп келет. Экономикалык укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү, аялдарга активдерден, ресурстардан жана кирешелерден пайда табууга жана көзөмөл кылууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, аялдардын коомдогу теӊ укуктуулугу өнүгүүнүн бардык түрлөрүнө оӊ таасирин тийгизет.[4] Ал адам ресурстарынын санынын жана сапатынын жогорулашына алып келет.[5]

Методдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн аныктоонун бир нече принциптери бар. Мисалы, толук кандуу укукка ээ болуу үчүн аялдар биринчи иретте өз мүмкүнчүлүктөрүн жана укутарын таанып-билүүсү керек. Ал укуктарды аялдар кандайдыр бир сырткы күчтөрдүн таасири аркылуу эмес, өзүлөрү кабылдашы керек. Изилдөөлөргө таянсак, укутарын аныктай алган адамдар жашоосундагы маанилүү чечимдерди кабыл алууга жана ошого жараша иш кылууга мүмкүнчүлүк алышат. Мүмкүнчүлүктөрдүн кенен болушу продукт эмес, бул – процесс.[2]

Окумуштуулар укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү кеӊейтүүнүн эки жолун аныкташкан: экономикалык мүмкүнчүлүктү кеӊейтүү жана саясий мүмкүнчүлүктү кеӊейтүү.[6]

Экономикалык[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1980-жылдардан баштап неолиберализмге болгон умтулуу атаандаштыкты жана өз күчүнө болгон ишенимди экономикалык ийгиликтин ченеми катары кабылдай баштады. [7] Коом тарабынан жактырылган неолибералдык стандартка жооп бере албаган адамдарга жана уюмдарга өйдөдөн карап мамиле жасашат, аларды өз баасын билбеген төмөн адамдар катары көрүшөт.[7] Мындайлардын катарына төмөнкү жумушчу класстагылар жана жумушсуздар кирет.[7]

Негизинен неолиберализм социалдык камсыздуулук боюнча жана саясий реформалары менен аялдардын өздөрүнө болгон ишенимине терс таасирин тийгизген. Мери Коркоран жана башкалар, социалдык камсыздоонун реформаторлору, социалдык камсыздоодон көз каранды болуу кедейчиликтин себеби деп билишерин божомолдошот.[8] Ушул себептен алар социалдык жактан камсыз болуучуларга талаптарды көбүрөөк коюп, бул каражаттарды алчулардын санынын азаюусуна алып келишкен.[8] Бул кадамдар аялдардын эмгек рыногуна чыгуусуна түрткү берди.[8][9] Аялдар аз төлөнгөн, туруксуз жумуштарда иштөө менен бирге өзүнүн үй бүлөдөгү жана энелик милдеттерин чогуу алып жүрүүгө мажбур болушту.[8] Окумуштуулар белгилегендей, бул реформанын максаты – аялдардын укугун, эркиндигин, экономикалык жактан көз карандылыгын чектөө болуп саналган.[9][10][11] Аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн жана укуктарын кеӊейтүү, аларды кесипке үйрөтүү сыяктуу кадамдар, алардын неолиберализмдин социалдык кесепеттерине, ошондой эле социалдык камсыздоонун реформаларына каршы аракет кылууга шарт түзөт.[8][9][10]

Бул саясатты аныктоочу тараптарга аялдарга кесиптик билим берүү жагын колго алуу сунушталат. Бул аялдардын жумуш менен камсыз болуусунун негизги жолу.[6] Билим алган аялдар үйдө жана сыртта дагы орду болот. Ошондой эле, жогорку айлык маяна алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат жана жумуш табууда кыйналышпайт.[12]

Аялдардын укугун жана мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү жана коомдогу гендердик теӊ укуктуулукту камсыздоо коомго туруктуу өнүгүүнү алып келет. Көпчүлүк дүйнөлүк лидерлер жана окумуштуулар гендердик теӊ укуктуулук болмоюнча туруктуу өнүгүү болбойт деген ойлорун айтып келишет.[8] Туруктуу өнүгүү деген бул – айлана-чөйрөнү коргоо, социалдык жана экономикалык өнүгүү, ошондой эле аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү. Акыркы контекстте айтылгандай, аялдардын өз алдынча тандоосуна жана укуктарынын кеӊейишине чоӊ мүмкүнчүлүк берилиши керек.[13]

Аялдардын экономикалык укугун кеӊейтүүнүн дагы бир ыкмасы алардын жер жана мүлккө ээ болуу мүмкүнчүлүгү. Бул алардын гендердик теӊ укуктуулугун коргоого, активдерди жана капиталдарды чогултуу менен өз кызыкчылыгына пайдаланууга шарт түзөт. Өнүккөн өлкөлөрдө да, начар өнүккөн өлкөлөрдө да көпчүлүк учурларда аялдардын жынысына карап, жер тилкесине болгон укуктары тебеленип келет.[12]

Адамдардын расага бөлүнүшү дагы аялдардын жумуш менен камсыз болушуна, укуктары жана мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга тоскоол болот. Аялдардын укуктары тууралуу кеп кылганыбызда, алардын мындай тоскоолдуктарга кабылышына эмне себеп деген суроого көбүнчө аз камсыз болгон аялдарга расага бөлүү көбүрөөк таасир берет деп белгилешет изилдөөчүлөр. Жыныс, раса жана класс боюнча кылдат каралып чыккан түзүм болсо, мындай нерсе социалдык жактан өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн. Ишке орношуу мүмкүнчүлүгү жана жумуш менен камсыз болуу аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтет. Жумуш ордундагы аялдардын укугунун корголушу иштин өндүрүмдүүлүгүнө оң таасирин берет, ал эми теӊ укуктуулук болгон жерде мүмкүнчүлүктөр көп.

Эгерде аялдар туруктуу жумушка орношсо, ошол эле жерде расалык бөлүүгө дуушар болгон аялдар жумуш ордунда бирдей жеткиликтүүлүктөн өксүшөт. Алар көптөгөн ыӊгайсыздыктарга дуушар болушат. Афроамерикалык Патрисия Паркердин айтымында, аялдардын укугунун жана мүмкүнчүлүгүнүн кеӊейиши бул – коомдук нормага жана ченемдерге дал келбөөчүлүк. Бийликтегилер болсо укуктарын коргогусу келген аялдардын аракетин феминисттик көз караш катары кабылдашып, бийликтик системанын түзүмүнө шек келтирүү катары карашат. Социалдык чөйрөдөгү расалык, гендердик жана класстарга бөлүнүү саясатында афроамерикалык аялдардын жумуш ордундагы укуктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн кеӊейтилиши талапка жооп бербеген жүрүм-турум катары кабылданышы мүмкүн. Мындай жолдор менен чектөө – афроамерикалык аялдарды тымызын амалкөйлүк менен кысымга алууга жатат.[14]

Көпчүлүк изилдөөчүлөрдүн сунушу боюнча, аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү үчүн аларга болгон күнүмдүк жашоосундагы жыныс, раса жана класстарга бөлгөн социалдык адилетсиздикти тереӊ изилдеп чыгуу керек.

Аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүүнүн дагы бир ыкмасы бул – чакан насыялар менен камсыздоо болуп саналат.[15] Чакан каржылык мекемелер аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү үчүн насыяларды аз пайыз менен жана күрөөсүз берүүгө умтулушат.[16] Ошондой эле алар (чакан насыя берүү компаниялары) жеке ишкер болгусу келген аялдарды каржылоону колго алышат. Мындай чакан займдар жана насыялардын натыйжалуулугу жана ийгилиги дайыма талкуу жаратып келет.[17] Айрым сынчылар мындай чакан насыялар аялдардын бул каражаттарды максаттуу пайдалануусуна кепилдик боло албайт деп эсептешет. Чакан каржылык мекмелер дагы мындай пикирди четке кагышпайт. Мындан тышкары калыптанып калган менталитеттик көз караштар да тоскоолдуктарды жаратат. Анткени, мурдагыдай эле үй-бүлөдө каражатты эркек башкарышы керек деген түшүнүк менен акча күйөөсүнө өтүп кетет. Чакан насыялар аялдарды үй жумуштарынын милдеттеринен бошотпойт, аялдын моюнунда насыясы бар күндө дагы ал эркектер сыяктуу эмгектенип, сыртка чыгып иштей албайт.[16]

Саясаттык[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аялдардын саясий укуктарынын кеӊейтилиши, коомдук жана жеке чөйрөдө гендердик теӊчиликтин болушу үчүн атайын иштелмелер, жол-жоболор каралышы керек. Мындай ыкмалар тиешелүү квоталардын негизинде аялдардын саясий кызматтарда жана парламентте орун алышын шарттайт.[12] 2017-жылдагы дүйнөлүк көрсөткүчтөр боюнча, бир мандаттуу парламентте жана ылдыйкы кызмат орундарын ээлеген аялдардын саны 23,6 пайызды түзгөн.[18] Бул аялдардын шайлоого катышуусу, добуш берүүсү, эркектер мене теӊ укукта кызматтарга баруусу керек экендигин далилдейт. Бирок, бул саясатка аралашуу менен эле чечилбейт. Өз укугун коргоо үй шартында, мектепте өз тандоосун билдирүү менен дагы ишке ашат. Айрым теоретиктердин айтымында чоӊ саясатка киришерден мурда, аял үй тиричилигинде да өз оюн билдирип жана жашоо эркиндигин өздөштүрүүсү керек.

Санарип көндүмдөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аялдардын санарип көндүмдөрү жергиликтүү бийлик органдары менен болгон байланышын оӊойлотот жана өз чөйрөсүндө чечимдерди кабыл алуу өкүлчүлүгүн кеӊейтет. Мисалы, Вомен-гов долбоору Бразилиядагы жана Индиядагы аялдарга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен түшүнүшүү жана маектешүү мүмкүнчүлүгүн түзүшкөн.[19] Долбоор Бразилияда иш алып барууда лидер аялдарды, мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын даректеринин онлайн колдонулушу жана жеткиликтүүлүгү боюнча окутту. Бул лидер аялдардын өз коомунда көйгөйлөргө жана маселелерге жакшы көзөмөл кылууга жардам берет. Индияда болсо, долбоор аялдар жамааттары менен иштешти. Аялдар интернетке туташкан маалыматтык борборлор менен байланышууну үйрөнүштү. Мындан алар мамлекеттик жардамдарга (социалдык камсыздоо, пособие) онлайн кайрылууну өздөштүрүштү. Бул көрүнүш аялдар жана мамлекеттик мекемелердин жергиликтүү бийлик менен иштешүүсү оӊой болуусуна шарт түздү.[20]

Санарип технологиялар менен иштей билген аялдар, коомго, бийликке өз үнүн жеткире алат жана тиешелүү чечимдерди кабыл алууга таасир этет. Ошондой эле саясий кыймылдарга аралашууга мүмкүндүк алышат.[19]

Аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн каада-салт, маданият жаатында кеӊейтүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү жаатын коргоочу прогрессивдүү коом катары, биз каада-салт, үрп-адаттарды аялдардын укугун тебелеген тоскоолдук катары карабашыбыз керек.[21] Каада-салт, үрп-адаттар аялдардын теӊ укуктуулугунун ажырагыс жана көлөмдүү бөлүгү.[22]) Ал заманбап болобу же ортодоксалдуубу, баары бир өз баалуулуктарына ээ. Албетте, феминисттик көз караштар күчүндө туран мезгилде, айрым укук тебелеген салттарды карманбашыбыз керек.

Каада-салттардын кайсыларын коом сыйлашы керектигин, коргоп жана кийинки муундарга өткөрүп берүүчү катары, аялдар дагы теӊ укуктуу өкүл болушу керек.[21]

Аӊ-сезимди жогорулатуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн жана укуктарын кеӊейтүү үчүн феминисттер көбүнчө маалыматтуулугун жогорулатууну колдонушат.[11] Мындай көндүмдөргө ээ болгон аялдар өзүнүн эле жеке күрөшү эмес, экономикалык жана саясий маселелер менен байланыштуу экендигин билишет.[11][23] Аӊ сезимдин мындай өӊүттө өсүүсү, маргинализм деӊгээлиндеги адамдарга өз ордун социалдык түзүмдө көрө билүүсүн жана эзүүчү тамырларды аныктоосуна жол ачат.[11][23] Аялдардын мындай маселелерди көрө билүүсү өзүн-өзү мобилизациялоого алып келет. Мындай учурда ал сөзсүз өзүнүн укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейте алат.

Феминисттик кадамдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Феминизм – аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн коргоодогу кыймылдын негизги максаты катары аныкталат.[24] Феминисттер колдонгон эки ыкма – бул катышуучу-аялдар менен жана алардын сырткы эзүүчүлөр менен болгон мамилесинин деӊгээли.[25][11]

Тоскоолдуктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүүдөгү тоскоолдуктардын катарына каада – салт ченемдери кирет. Айрым аялдар өз укуктарын, гендердик теӊчилик сыяктуу маселелерди билишет, а айрым аялдар мындай чектөөлөрдү моюндап көнүп калышкан.[26] Бийликте турган көпчүлүк эркектер аялдарга карата болгон адилетсиз коомдук ченемдерди бузууга белсенишпейт.[15]

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, аялдардын Интернетке болгон кеӊири жетишүүсү аялдарды эксплуатациялоонун күчөшүнө алып келди.[27] Жеке маалыматтарын веб-сайттарга жайгаштыруусу айрым аялдардын жеке коопсуздугун коркунучка алып келген.[27]

2010-жылы Working to Online Abuze уюму 73% аялдар мындай сайттардын курмандыгы болушкандыгын жарыялады. Мындай виктимизация өзүнө кибер аӊдуу, онлайн-порнография, куугунтуктоо, флейм,[28] ошондой эле айрыкча иш ордундагы сексуалдык асылуу ж.б. камтыйт. Көпчүлүк учурда мындай нерселер бизнесте, соодада, финансылык жана банктык ишмердүүлүктө, мамлекеттик кызматтарда жана билим берүүдө кездешет.[29] Эл Аралык эмгекти уюштуруу уюмунун билдиргенине ылайык, сексуалдык асылуу – бул, жыныстык-гендердик дискриминация, эркек жана аял ортосундагы теӊ укутуулуктун бузулушунун көрүнүшү. БУУнун аялдарга каршы дискриминациянын бардык формалары жөнүндөгү конвенциясы, иш учурундагы сексуалдык асылуу жана зомбулукка каршы бардык күчөтүлгөн иш-чараларды колго алууга чакырат.

Билим берүүнүн таасири[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адамдар ар кандай коомдук дебаттарга чыгышып, өкмөттөн саламаттыкты сактоо, социалдык каржылоо жана башка жааттардагы укуктарын талап кылып келишет.[30] Анын ичинен аялдардын билим алуусу, алардын балдарынын ден соолугунун жакшырышына, жашоо-тиричилигинин оӊолушуна шарт түзүүчү көндүмдөрдүн болушун шарттайт.[31][32] Билимдүү болуу ар кандай оорулардын алдын алууга жана токтотуп турууга жардам берет. Мындай билим аялдарды эрте турмушка чыгуудан, көп балалуу болуудан сактайт. Билим алуу аялдардын өз укугун билүүсүн, өз баасын-баркын бийик коюусун жогорулатат.[33]

Бирок билим алуу баарына эле бирдей жетишерлик эмес. Бардык эле учурда гендердик теӊ салмактуулук сактала бербейт. Көпчүлүк өлкөлөрдө кыздардын мектептерге аз тартылышы маселе жаратат, ошондой эле класска бөлүнгөндөргө да билим берүүнүн жолдору ченелүү. Кыздардын так илимдер, технологиялар, математика жана инженерия тармактарына көп тартылуусуна карата иш аракеттер көрүлүүдө.[34]

Дүйнөнүн айрым жерлеринде кыздарга мектепке баргандыгы үчүн да кол салуулар болгон учурлар болот,[35] жана буга каршы турууга коомчулуктун аракеттери жетишсиз болуп келет.[36]

Интернеттин таасири[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернет, социалдык тармактарда хештег колдонуу көпчүлүк учурда аялдардын укугун жана мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүүнүн негизги булагы болуп келет. 20-кылымдын соңунда Интернетти колдонуунун кеӊири жайылуусу, аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүүгө кеӊири жол ачты. Аялдар онлайн активдүүлүк үчүн Фейсбук, Твиттер сыяктуу социалдык тармактарды колдоно башташты.[27] Мындай онлайн-активдүүлүк аркылуу алар өз укутарын жана мүмкүнчүлүктөрүн ачык айтууга мүмкүндүк алышты.[37]

Билим алуу жаатында дагы аялдардын укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү кеӊейди, алар ар кандай блогдордон түрдүү маалыматтарды алып башташты. Лос-Анжелестеги Калифория Университетинин жүргүзгөн изилдөөлөрүнө таянсак, өз оорусу тууралуу окуп жана жазган социалдык тармактарды колдонуучу бейтаптар, социалдык тармактарды колдонбогон бейтаптарга караганда, көӊүлдөрү ачык жана оорулары тууралуу көп нерселерди билишет экен.[38] Бейтаптар башка бирөөлөрдүн тажрыйбаларын окуп, блогер-кесиптештери сунуш кылган стратегияларды колдонушат.[37]

Электрондук окутуу аркылуу аялдар үйлөрүнөн чыкпастан эле ар кандай билимдерди өздөштүрө алышат.[39] Алар карьералык жактан өсүү сыяктуу көндүмдөрдү үйрөнүшөт.

Онлайн-активдүүлүктүн мисалы катарында айтсак, 2013-жылы Фейсбук аялдарды жек көрүүнү жайылткан бир катар баракчаларды өчүргөн. Бул онлайн кампанияны 100 жактоочу аял баштаган.[40] 2017-жылы #AintNoCinderella хештеги социалдык тармактарда вирустуу болду. Индиялык 29 жаштагы Варника Кунду түн жарымда үйүн көздөй келе жатканда аны жол тандабас айдаган эки эркек киши артынан аӊдыган.[41] Кундунун үйүнө кеч кайтуусу үчүн күнөөлөшкөн. Атүгүл буга өкмөт да кийлигишкен. Бул окуядан кийин индиянын жана дүйнөнүн ар кайсы бурчунун аялдары караӊгыда сүрөткө түшүшүп #AintNoCinderella хештеги менен соц.тармактарга жарыялашкан. Интернет колдонуучулардын бул аракети аялдар үчүн чектөө коючу эч кандай коменданттык сааттын болбошу керек экендигин коомчулукка жеткирүү болгон.[42]

Кыргызстанда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда эркектерге караганда аялдар көбүрөөк жогорку билим алышат. Бирок жогорку окуу жайдан кийин тигил же бул себептерден улам абал өзгөрүп кетет. Кыргызстанда жогорку билимдүү аялдар көп болгонуна карабастан, алар ишмердүүлүктүн бардык чөйрөлөрүндө азыраак. Эксперттер муну аялдарга жүктөлгөн милдеттери – бала төрөө, аны багуу жана үй-тиричилик милдеттеринен улам эмгек дискриминациясына дуушар болуусу менен түшүндүрүшөт. Натыйжада аялдардын жалпы санынын 43 пайызы гана иштейт. Бул абал бардык чөйрөлөрдө: мамлекеттик да, муниципалдык кызматтарда да көрүнүп турат. Мисалы, мамлекеттик кызматта эркектер басымдуулук кылып, ал эми аялдардын саны 39%ды гана түзөт. Ал эми мыйзамда мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарында бирдей өнөктөштүк мамилелер - ар кандай жыныстагы адамдардын бирдей шарттарда катышуусу сакталышы керек деген ченемдер жазылган. Кыймылсыз мүлк, билим берүү, медицина жана искусство тармагында иштеген аялдардын үлүшү басымдуулук кылат. Бирок, билим берүү, медицина жана искусство тармактарында эң аз айлык төлөнөт.

Саясатта Жогорку Кеңеште жана жергиликтүү кеңештерде бир жыныстын өкүлдөрүнүн саны 70% ашпашы керек, башкача айтканда бул 30% гендердик квота. Квота 2007-жылы киргизилгенине карабастан, аялдардын саны эч качан 30%дан ашкан эмес. Жергиликтүү кеңештерде бул норма аздыр-көптүр сакталат – жалпы Кыргызстан боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын 37 пайызы аялдар.

Гендердик маселелер боюнча эксперттин айтымында, бул көрсөткүчтөр Кыргызстанда адам укуктары толук сакталбай жатканын көрсөтүп турат: шайлануу же дайындалуу укугу бузулууда.[43]

Колдонулган адабияттар:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. E. Bayeh, The role of empowering women and achieving gender equality to the sustainable development of Ethiopia, Pacific Science Review B: Humanities and Social Sciences, Volume 2, Issue 1, 2016, Pages 37-42, ISSN 2405-8831, https://doi.org/10.1016/j.psrb.2016.09.013.
  2. 2.0 2.1 2.2 Mosedale, Sarah. (2005). Assessing women's empowerment: Towards a conceptual framework. Journal of International Development. 17. 243-257. 10.1002/jid.1212.
  3. Kabeer, Naila. (2005). Gender Equality and Women's Empowerment: A Critical Analysis of the Third Millennium Development Goal. (англ.). Gender & Development. 13. 13-24. 10.1080/13552070512331332273.
  4. Endalcachew Bayeh, The role of empowering women and achieving gender equality to the sustainable development of Ethiopia, Pacific Science Review B: Humanities and Social Sciences, Volume 2, Issue 1, 2016, Pages 37-42, ISSN 2405-8831, https://doi.org/10.1016/j.psrb.2016.09.013.
  5. A. Malhotra, J. Schulte, P. Patel, P. Petesch, Innovation for Women's Empowerment and Gender Equality (англ.) 2009.
  6. 6.0 6.1 Kabeer, N. (2011) Contextualising the Economic Pathways of Women's Empowerment: Findings from a Multi-Country Research Programme, Pathways Policy Paper, Brighton: Pathways of Women's Empowerment, IDS
  7. 7.0 7.1 7.2 Lamont, Michele. (2018). Addressing Recognition Gaps: Destigmatization and the Reduction of Inequality. American Sociological Review. 83. 10.1177/0003122418773775.
  8. 8.0 8.1 8.2 8.3 8.4 8.5 M. Corcoran, S. K. Danziger, A. Kalil, and K. S. Seefeldt, How Welfare Reform is Affecting Women's Work Archived 2022-05-27 at the Wayback Machine, Annual Review of Sociology, Vol. 26:241-269 (Volume publication date August 2000) https://doi.org/10.1146/annurev.soc.26.1.241
  9. 9.0 9.1 9.2 Abramovitz, Mimi. “Welfare Reform in the United States: Gender, Race and Class Matter.” Critical Social Policy 26.2 (2006): 336–364. Web.
  10. 10.0 10.1 Marilyn Power (2004) Social Provisioning as a Starting Point for Feminist Economics, Feminist Economics, (англ.) 10:3, 3-19, DOI: 10.1080/1354570042000267608
  11. 11.0 11.1 11.2 11.3 11.4 Gutierrez, Lorraine & Lewis, Edith. (1994). Community Organizing with Women of Color. Journal of Community Practice. 1. 23-44. 10.1300/J125v01n02_03.
  12. 12.0 12.1 12.2 Duflo, Esther. “Women Empowerment and Economic Development.” Journal of Economic Literature 50, no. 4 (December 2012): 1051-1079. (англ).
  13. Mehra, Rekha. “Women, Empowerment, and Economic Development.” Annals of The American Academy of Political and Social Science (1997): n. pag. Print.
  14. Parker, Patricia. (2003). Chapter 9: Control, Resistance, and Empowerment in Raced, Gendered, and Classed Work Contexts: The Case of African American Women. Communication Yearbook. 27. 257-291. 10.1207/s15567419cy2701_9.
  15. 15.0 15.1 2009 World Survey on the Role of Women in Development Women’s Control over Economic Resources and Access to Financial Resources, including Microfinance (Отчет). Нью-Йорк: Бириккен Улуттар Уюму, 2009.
  16. 16.0 16.1 Geleta, Esayas Bekele. (2013). Microfinance and the Politics of Empowerment: A Critical Cultural Perspective. Journal of Asian and African Studies. 49. 413-425. 10.1177/0021909613487679.
  17. Parmar, Aradhana. (2003). Micro-Credit, Empowerment, and Agency: Re-Evaluating the Discourse. Canadian Journal of Development Studies. 24. 461-476. 10.1080/02255189.2003.9668932.
  18. UNDP. Regional Organizations, Gender Equality and the Political Empowerment of Women, 2018
  19. 19.0 19.1 UNESCO 2019. I'd blush if I could: closing gender divides in digital skills through education Текшерилген күн: бугу айынын 27, 2022.
  20. Н. Ромео, The Chatbot Will See You Now December 25, 2016.
  21. 21.0 21.1 OHCHR. Women’s cultural rights: empowering and transformative, 2012.
  22. CIDA.Johanna Schalkwyk, 2000. Culture, Gender equality, and Development Co-operation.
  23. 23.0 23.1 Bradshaw, Catherine & Soifer, Steven & Gutierrez, Lorraine. (1993). Toward a Hybrid Model for Effective Organizing in Communities of Color. Journal of Community Practice. (англ.) 1. 25-42. 10.1300/J125v01n01_03.
  24. Akwugo Emejulu, Re-theorizing feminist community development: towards a radical democratic citizenship, Community Development Journal, Volume 46, Issue 3, July 2011, Pages 378–390, https://doi.org/10.1093/cdj/bsr032
  25. Erbaugh, Elizabeth B. “Women’s Community Organizing and Identity Transformation.” Race, Gender & Class, vol. 9, no. 1, 2002, pp. 8–32. JSTOR, http://www.jstor.org/stable/41675005. Accessed 27 May 2022.
  26. Martha C. Nussbaum, Jonathan Glover, Women, Culture, and Development: A Study of Human Capabilities Clarendon Press,1995 г.
  27. 27.0 27.1 27.2 Online Activism for Women's Rights, Jo Sutton and Scarlet Pollock.CyberPsychology & Behavior.(англ.) CyberPsychology & Behavior: Volume: 3 Issue 5: 5 июль, 2004.
  28. Morahan, Janet. (2000). Women and the Internet: Promise and Perils. Applied Psychology Journal Articles. 3. (англ.) 10.1089/10949310050191683.
  29. Statistics. Aware. https://www.aware.org.sg/training/wsh-site/14-statistics/ Текшерилген күн: бугу айынын 27, 2022.
  30. UNDP. 2013. Human Development Report. The Rise of the South. Human progress in a diverse world; New York, UNDP.
  31. UNESCO. 2014, 2020. EFA Global Monitoring Report 2013-2014: Teaching and Learning: Achieving equality for all. Paris, UNESCO.
  32. Lamont, Michele. (2018). Addressing Recognition Gaps: Destigmatization and the Reduction of Inequality. American Sociological Review. 83. 10.1177/0003122418773775.
  33. UNESCO. Mobile phones & literacy: empowerment in women's hands; a cross-case analysis of nine experiences, 2015 (англ.). ISBN: 978-92-3-100123-9
  34. UNESCO. Cracking the code: girls' and women's education in science, technology, engineering and mathematics. (англ.) 2017, Paris.
  35. J. Vecchiarelli, One Girl's Courage Leads Women to Equal Education Opportunities Archived 2021-04-10 at the Wayback Machine. (англ.) 21.03.2019.
  36. Women at the Center. Malala Yousafzai Wins Nobel Peace Prize: Education Empowers Girl’s to Make Smart Choices in Family Planning Archived 2021-08-31 at the Wayback Machine
  37. 37.0 37.1 Choudhury, Naziat. (2009). The Question of Empowerment Women’s Perspective on Their Internet Use. Gender, Technology and Development. (англ.) 13. 341-363. 10.1177/097185241001300302.
  38. L. Eldridge, Art Therapy for People With Cancer, (англ.) 04.03.2021.
  39. M. Radovic-Markovic, B. Nelson-Porter, M. Omolaja. The new alternative women's enterpreneusrhip education: e-Learning and Virtual Universities. (англ.) 2012 V: 1, I: 2, A: 06 ISSN: 2147-0367
  40. Tracy McVeigh, Online feminist activists of the digital age 2013.
  41. G. Pandey, #AintNoCinderella: Why Indian women are posting midnight photos. 2017.
  42. Ain’t no Cinderella: Women hit out at BJP leader for blaming Chandigarh stalking victim, 2017.
  43. Ч. Сабырбеков, Ч. Жумабекова, Жогорку билимдүү аялдар көп, бирок жетекчилердин көбү эркектер. Кыргызстандагы аялдардын орду тууралуу дата макала 2022.