Аялдардын эл аралык майрамы

Википедия дан
Аялдардын эл аралык майрамы (8март)‎»‎ барагынан багытталды)
Аялдардын эл аралык майрамы

Аялдардын эл аралык майрамы (8март) - аялдардын экономикалык, социалдык жана саясий тең укуктуулук үчүн күрөштө эл аралык тилектештигинин күнү. Байыркы Римде эле аялдар күнү матрондор (эркин аялдар) тарабынан белгиленип, марафондор өткөрүлгөн. Аларга бул күнү күйөөлөрүнөн белектер берилген жана ар кандай камкордуктар көрүлгөн. Күңдөргө дагы кожоюндары белектерди беришип, ал күнү эс алууга уруксат берилген. Римдик аялдар майрамдагыдай кийинишип, баштарына жыпар жыттанган гүлчамбарларды тагышып, Веста кудайынын храмына келип, сыйынышкан. Кийин аялдар өздөрүнүн турмушун өзгөртүүнү, эркектер менен тең укуктуулугу үчүн күрөшүүнү чечишкен. 1857-жылы 8-мартта Нью-Йоркто жумушчу аялдар шаардын көчөлөрүнө чыгышып, эмгек акыларынын төмөндүгү, эмгек шарттарынын начардыгына каршы нааразылык билдиришкен. 1908-жылы 8-мартта Нью-Йорктун жумушчу аялдары кайрадан иш ташташып, балдардын эмгегине тыюу салуу, фабриканын шарттарын жакшыртуу талаптарын коюшкан. 1909-жылы Америка социалисттик партиясы февралдын акыркы жумасын аялдардын Улуттук күнү деп жарыялашкан. 1910-жылы Копенгагенде социалист-аялдардын 2- эл аралык конференциясында немец революционери, Германия Компартиясын негиздөөчүлөрдүн бири Клара Цеткин бүткүл дүйнө аялдарынын эзүүгө, буржуазиянын үстөмдүгүнө, теңсиздикке каршы өз укуктары үчүн күрөштөгү тилектештигинин күнүн белгилөөнү сунуштаган. Анын сунушу боюнча жыл сайын Аялдардын эл аралык күнүн майрамдоо жөнүндө чечим кабыл алынган. Бул күн 1жолу 1911-жылы Германия, Австрия, Швейцария жана Данияда, ал эми Россияда 1913-жылы өткөрүлгөн. 1914-жылы Австрия, Венгрия, Германия, Нидерландия, Швейцария, Россия, АКШ жана башка өлкөлөрдүн аялдары аялдардын эл аралык күнү 8-мартты салтанаттуу майрамдоону белгилешкен (буга чейин көптөгөн өлкөлөрдө марттын ар кайсы күндөрүндө белгиленген). Ошондой эле еврей элдеринде да жаз майрамы - Пурим кыштан жазга өткөн мезгилге туш келип, 8-март күнү майрамдалат. СССРдин убагында СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1965-жылы 8-майдагы Указы боюнча аялдардын эл аралык күнү - 8-март дем алыш күн болуп жарыяланган. Кыргызстанда аялдардын эл аралык күнү 1920-жылдан белгиленип келе жатат. Бул күн кыргыз аялдары үчүн чоң мааниге ээ болуп, аялдардын сабатсыздыгын жоюу боюнча мектептер, аялдардын клубдары, кызыл үйлөрү, кесиптик атайын артелдер жана башка пайда болгон. Мисалы, 1925-жылы 8-мартта Күрмөнтү болушундагы Талды-Суу кыштагында Кыргызстандагы аялдардын алгачкы клубу ачылган. Батышта бул майрам 1930-жылы аягында иш жүзүндө унутулуп калып, феминизмдин кайра жаралышы менен 1970-жылы калыптанган. 1978-жылы аялдардын эл аралык майрамы БУУ тарабынан расмий түрдө таанылган. Учурда аялдардын эл аралык майрамы көп өлкөлөрдө аялдардын сүйүктүү майрамдарынын бири болуп эсептелет. Расмий түрдө 32 мамлекеттер таанылган. Кээ бир улуттук майрам күнү болуп саналат. Калган КМШ өлкөлөрүндө Советтер Союзунан калган мурас адат боюнча белгиленет. Негизинен орус тилдүү калк. Украинада аны жокко чыгаруу келген, бирок Мыйзам калктын колдоо тапкан эмес.[1]

Эскертмелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Март 8 (Аялдардын эл аралык күнү)

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1