Аялдар жана айлана-чөйрө

Википедия дан

1960-жылдардын башында аялдарга жана аялдардын айлана-чөйрө менен болгон мамилесине кызыгуу Эстер Босеруптун "Аялдардын экономиканын өнүгүүсүндөгү ролу"[1] аталышындагы китебинен кийин пайда болду. Айлана-чөйрө менен аялдар тыгыз мамиледе. Аялдар дүйнөдөгү адамдык капиталдын жарымын түзөт. Көпчүлүк коомчулуктарда тамактануу, балдарды багуу жана үй чарбасын башкаруу үчүн негизги жоопкерчилик аялдарга жүктөлөт.[2] Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө аялдар дыйкан, мал багуучу, суу жана отун жыйноочу ж.б. ролду ойношот. 1980-жылдан баштап аялдардын өзгөчө ролун белгилөө менен жаратылыш ресурстарын жана айлана-чөйрөнү башкарууда өгзөрүүлөр киргизиле баштаган.[3] 1991-жылы Бүткүл дүйнөлүк банктын берген маалыматында "аялдар жаратылыш ресурстарын башкарууда негизги роль ойношот, анын ичинде топурак, суу, токой жана энергияда.[3] Аялдар көбүнчө аларды  курчап турган жаратылыш дүйнөсү жөнүндө да терең билимге ээ" деп белгиленет. Гендер менен айлана-чөйрөнүн ортосундагы байланыш аялдар менен эркектердин табиятын түшүнүүдө олуттуу таасирин тийгизет. Буларга ресурстарды башкаруу жана бөлүштүрүү милдеттери, ошондой эле күнүмдүк жашоодогу элдин жыргалчылыгы кирет.[4]

Аялдар, айлана-чөйрө жана өнүгүү жөнүндө дебаттар (WED)[оңдоо | булагын оңдоо]

Туруктуу өнүгүү "муундар ортосундагы теңчиликти орнотуунун" жана "калыбына келтирилбеген ресурстарды сактоо үчүн социалдык, экономикалык жана экологиялык муктаждыктарды" эске алуунун жана индустриялаштыруудан келип чыккан калдыктардын көлөмүн азайтуунун жолу катары аныкталат.[5] Аялдарга карата пайда болгон биринчи дискурс “Өнүгүүдөгү аялдар” (Women in Development) болгон, бул перспектива өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө аялдардын абалын жакшыртууну жактаган,[6] андан кийин “Аялдар, айлана-чөйрө жана өнүгүү” (Women Environment Development) болуп өзгөргөн.

WIDге болгон сындар анын батыштын кеңири көз карашындагы ордун камтып, дүйнөлүк аялдардын калкын колдоого туура келбеген колониялык жана либералдык дискурсту уланткан. WID аялдарды үй чарбаларында, айылдарда жана базар экономикасында борбордук актёрлор катары жайгаштырган жана ушундан улам келип чыккан маселелерди чечүү үчүн батыштын өнүгүүсүнүн иерархиялык институтуна кайрылган.[3]

1970-жылдардын башында адамдар өнүгүүнүн булагын сындап, дүйнөлүк коомчулук жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөр, аялдар жана айлана-чөйрө менен өз ара аракеттенүүнүн альтернативдүү жолдорун издей башташты. Бул “Аялдар, айлана-чөйрө, өнүгүү” (WED) катары аныкталган. WED дискурсу ар кандай идеологиялардын синтезинин айланасында борборлоштурулган, алардын бири экофеминизм.[7] Экофеминизм WED үчүн түпкү идеология катары каралышы мүмкүн жана анда аялдар табият менен биологиялык байланыш катары каралат. Бул аялдарга жаратылыш менен терең (олуттуу, deep) байланыш курууга жана аны башкарууга мүмкүндүк берет. Бул идеология саясий чөйрөгө айланган, анда ал аялдардын глобалдык системалары аркылуу жаратылыш менен социалдык жактан курулган байланышы бар жаңы формага ээ болгон.[7]

1990-жылдары WED дискурсунун негизинде башталган программалар Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдардын өнүгүүсү боюнча Эл аралык изилдөө институту (INSTRAW) тарабынан жүргүзүлгөн. Бул программалар таштандыларды жок кылуу, пестициддерди колдонууну ядердик сыноо жана башка экологиялык зыяндуу практикалар сыяктуу экологиялык жана гендердик зомбулуктун ортосундагы байланышка жооп болгон.[8]

Бул программалардын көбүнүн жыйынтыгы аялдарга пландалгандай таасир берген жок. WED дискурсу аялдарга экологиялык маселелерди чечүүчү катары басым жасады, бирок политикалар (policies) аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталбай, айыл чарбасы сыяктуу аялдар көп тартылган тармактарга багытталган.[9] WED дискурсу аркылуу аялдардын ролун жана айлана-чөйрөнү саясатташтыруунун жалпы таасири ийгиликке жетүү үчүн тийиштүү ресурстарды же мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылбастан, аялдардын эмгегин менчиктеп алды.[7]

Айыл чарба[оңдоо | булагын оңдоо]

Дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгүндө аялдар айыл чарба жумуштарына жана ага байланыштуу болгон үйдө өндүрүлгөн азык-түлүк өндүрүшүнө жооптуу.[10] Айыл чарба иштеринде аялдардын саны өсүп, алардын катышуусу кеңейүүдө, бирок бул репродуктивдүү эмгекке карата эмгектин гендердик бөлүнүшүн өзгөрткөн жок.[11]

Планетанын биологиялык байлыгынын көбү табылган өнүгүп келе жаткан дүйнөдөгү аялдардын 90%ы жашоосу өз жеринен көз каранды. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө үй чарбаларынын 30%ын аялдар башкарат, Сахаранын түштүгүндөгү Африкада тамак-аш өндүрүшүнүн 80%ы, Азияда 60%ы жана Латын Америкасында 50%ы аялдар тарабынан жүргүзүлөт.[12] Айыл чарба иштерине негизинен аялдар жооптуу болгонуна карабастан, эркектер көбүнчө жерге ээлик кылышат, ошондуктан аялдардын жердеги эмгегин көзөмөлдөйт.[13]

Кыргызстанда 65% эл айыл жергесинде жашайт (Бүткүл дүйнөлүк банктын индикатору 2010). Айыл жергесинде жашаган аялдардын  жумушсуздугу эркектердикине салыштырмалуу көбүрөөк. Маяна алууда дагы аялдардын акысы эркектердикине караганда төмөнүрөөк. Коомдук иштерге аялдардын  аралашуусу жана эркектердей эле  тең укукту чечим чыгаруусу өтө аз кездешет. Бүгүнкү күндө айыл жергесинде жашаган аялдардын 6%ы гана жайыт бөлүштүрүү комитетинин мүчөсү, 18%ы суу ресурстарынын колдонуу ассоциациясынын мүчөсү, 13,6%ы муниципалдык кеңешмелердин мүчөсү, 6,65%ы жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында. Айыл жергесинде жашаган аялдар убактысынын көбүн үйдө балдарды карап жана үйдөгү чарба жумуштарын жасоо менен өткөрөт. Ошол эле убакта алардын жаратылыш жана экономикалык ресурстарга жеткиликтүүлүгү чектелген, ошондой эле аялдарда жер тилкесине же кандайдыр бир мүлккө ээ болуу мүмкүнчүлүгү жокко эсе. Мисалы, айыл чарбасында иштетилүүчү  машиналарга же бодо малдарга. Аялдар айыл чарба жумуштарын аткарууда негизги күч катары саналып, ага карабастан алардын экономикага жана үй тиричилигине кошкон салымы көмүскөдө калууда.[14]

Жерге ээлик кылуу[оңдоо | булагын оңдоо]

Дүйнөнүн көптөгөн бөлүктөрүндө, өзгөчө өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жерге ээлик кылууда чоң теңсиздик бар.[15] Салттуу практикалар жана бюрократиялык факторлор аялдардын жаратылыш ресурстарын иштетүүгө жана башкарууга жетүүсүнө тоскоол кылат.[13] Көп учурларда аялдар жерди багышат бирок жерге жана/же мүлккө ээ болушпайт. Бина Агарвал, Үчүнчү Дүйнө өлкөлөрүндөгү гендердик жана жер укуктары жөнүндө көп жазган жана анын айтымында, “эмгектин гендердик жана таптык бөлүнүшү, мүлк менен бийликтин бөлүштүрүлүшү бар болгондуктан гендердик жана класстык түзүлүштө адамдардын жаратылыш менен болгон өз ара мамилеси түзүлөт, ошону менен адамдардын айлана-чөйрөнүн өзгөрүшүнө тийгизген таасирин жана реакциясын түзүшөт”.[10] Аялдардын жаратылыш ресурстарын башкарууга, жерге ээлик кылууга жана менчикти башкарууга жетүүсү өнүгүп келе жаткан маселе жана экологиялык чөйрөдө да, аялдардын укуктарын коргоо кыймылында да үзгүлтүксүз талкуулардын предмети болуп саналат.[12]

Экологиялык тобокелдиктердин аялдарга таасири[оңдоо | булагын оңдоо]

Жаратылыштагы глобалдык өзгөрүүлөр бардык адам баласынын жашоосуна да таасирин тийгизүүдө, кээ бир окумуштуулар жана активисттер бул өзгөрүүлөрдүн аялдар менен эркектерге тийгизген таасиринде айырмачылык жок деп эсептесе, айрымдары аял менен эркектин ортосундагы айырма биологиясында экенин айтса, айрымдары бул айырмачылык социалдык биологиялык айырмада деп эсептейт.[16]

Экофеминизм[оңдоо | булагын оңдоо]

Экофеминизм – бул феминизмдин бир бутагы катары айлана-чөйрөнү коргоодо аял менен  жаратылыштын ортосундагы  мамиленин негизин анализдейт. Климаттын өзгөрүшүн, гендердик теңчиликти ошондой эле социалдык адилетсиздикти көтөргөн идеология экофеминизмде өзгөчө басым жасалат. Булардын бардыгы коомдогу эркектик үстөмдүккө байланган. Экофеминистик  көз караштагылар жаратылыш менен адам ортосундагы  мамилени анализдөөдө "жыныс"  концепцияны  колдонушат. Бул термин француз жазуучусу Франсуа де Бонн "Le Feminisme ou la Mort" (Феминизм же өлүм) китебинде биринчи жолу колдонулат.

Экофеминизмдик теория  феминизмдин өнүгүүсүн таңуулоо менен коомчулукту кызматташууга үндөйт. Экофеминисттик анализ аял менен жаратылыштын экономикада, динде, саясатта, адабиятта басмырлануусун анализдейт.  Бул изилдөөлөрдө аял менен жаратылышка болгон  мамиле каралат. Мисалы, эркектердин аялдарга үстөмдүк кылышы жана адамдардын жаратылышка  кылган мамилесин камтыйт. Экофеминизм, аял менен жаратылышты сыйлоого жана аялзатына аяр мамиле кылууга чакырат.

Экофеминзм өзүнө көптөгөн көз караштарды камтыйт. Өзгөчө айлана-чөйрөгө жана аялдарга патриархалдык жактан басынтылуусу көңүл чордонунда. Теоретиктер аялдардын алда канча камкор жана айлана-чөйрөгө аяр мамиледе экендигин айтып келишет.[14]

Вандана Шива[en] экофеминизм коомдун аң-сезимине өзүнүн каттары жана Чипко кыймылы[en] аркылуу киргизген. Чипко кыймылы антиалколониализмдин түптөлүшүнө алып келген. Вандана Шива аялдарды  жаратылыш байлыктарын коргоочуулары катары мүнөздөгөн. "Аялдарды өзгөчө табигый кырсыктарга жана капиталисттик базарлар аркылуу курчап турган чөйрөнүн деградациясына туруштук бере турган роль"деп эсептеген.[12]

Климаттын өзгөрүшү жана аялдар[оңдоо | булагын оңдоо]

Климаттын өзгөрүүсүнүн негизги фактору калктын санынын өсүшү. 21-кылымдын аягына чейин калктын саны 10 миллиарддан ашат деп пландалууда, мындай көрсөткүчкө жетсе   суу менен камсыздоодо, азык-түлүк жана жарык берүү ресурстарынын жетишсиздигине алып келет. Бул деген 40% көп суу, 40% көп тамак-аш жана 50% көп жарык сарпталат  дегенди  түшүндүрөт. Алдынкы  жылдарга болгон божомолдор өткөн жылдардын маалыматына таянып чыгарылат, мисалы: 1950-1960-жылдары калктын санынын өсүшү эки эсе көбөйүп 3 миллиарддан 2000-жылга 6 миллиардга чейин жеткен. Мындай темп менен калктын санынын өсүшү адамдардын керектөөлөрүн жана калдыктарын көбөйтөт, бул экосистемага чоң таасирин тийгизет. Калктын санынын өсүүсү жана индустриализациянын кесепетинен келип чыккан калдыктар климаттын өзгөрүшүнө алып келет деп божомолдонууда.

Аялдардын билими  калктын санын көбөйүшүнө таасирин тийгизет. Аялдардын билим деңгээлинин жогору болушу балдардын аз төрөлүшүнө алып келет, мунун натыйжасында ден соолуктун жакшыруусун  жана өлүмдүн азайышын байкоого болот.[17]

Кыргызстанда экология[оңдоо | булагын оңдоо]

Экологиялык индекстин көрсөткөн маалыматтын негизинде (EPI) Кыргызстан экологиялык абал жана экосистеманын жашоо жөндөмдүүлүгү боюнча 180 өлкөнүн ичинен 99-орунда турат. Анын ичинен абанын сапаты боюнча 132-орун, суунун булганышы жана санитардык абал боюнча 104-орун, биотүрдүүлүк боюнча 97-орунда турат (15).

Бүгүнкү күндө экологдорду кооптондурган негизги беш экологиялык көйгөй бар.[18]

  1. Абанын булганышы
  2. Климаттын өзгөрүшү
  3. Суу ресурстарын сарамжалсыз колдонуу жана булгоо
  4. Калдыктар
  5. Биотүрдүүлүктү коргоо

Абанын булганышы[оңдоо | булагын оңдоо]

Республиканын ири шаарларында абанын сапаты жеке көрсөткүчтөр боюнча бир кыйла начарлап кеткен. Шаарларда атмосферадагы чаңдын концентрациясы мамлекеттик сапат стандартынын нормаларынан 1,5-сеге6 э ашат.[19] Калктуу пункттардагы атмосферадагы абанын сапатын мониторинг көргөзгөндөй, абанын эң булганган жерлерине Бишкек жана Ош шаарлары кирет. Шаар жерлериндеги абанын тазаруусун жөнгө салууну чечүү оңой эмес, бул улуттук контексте гана эмес, эл аралык деңгээлде чечилиши керек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология башкы башкармалыгында бүгүнкү күндө атмосферадагы абанын булгануусун  көзөлдөп турган республиканын төрт шаарында 14 постто көзөмөлдөнөт. Бишкек шаары 7 пост, Кара-Балта 2 пост, Токмок 2 пост, Ош 1 пост, Чолпон-Ата 2 пост.[19]

Климаттын өзгөрүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Буга чейин климаттын өзгөрүшү боюнча көйгөйлөр жөн гана таалкууланып келсе, бүгүнкү күндө ал чыныгы көйгөйгө айланып, жашоо шартка жана экономикалык өнүгүүгө чоң таасирин тийгизүүдө. Бул бардык адамзат үчүн өтө олуттуу чакырык, анын ичинен биздин республикабыз үчүн. Бул көйгөй ар кандай катастрофаларды алдын алуу үчүн тез жана шашылыш түрдө чара көрүүгө чакырат.

Кыргызстанда климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу регрессиянын негизки факторлору пайда боло баштады. Алар айыл чарбасындө өндүрүмдүүлүктүн төмөндөшү, суунун тартыштыгы көбөйүүдө, метеорологиялык кубулуштардын кооптуу болуусу, экосистеманын бузулушу жана адамдардын ден соолугуна зыян келиши.

Кыргызстанда мөңгүлөрдүн абалы боюнча божомолдор өзгөчө тынчсызданууну жаратат. Себеби мөңгүлөр Кыргызстандын суу ресурстарынын потенциалдуу запасы болуу менен бирге глобалдык тең салмактуулукту сактоодо Кыргызстандын гана эмес, Борбордук Азия регионунун туруктуу өнүгүшү үчүн да маанилүү.

Суу ресурстарын туура эмес колдонуу жана булгоо[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызстанда суу ресурсу эң ири ресурстардын бири болуп саналат. Кыргызстанда суу энергия өндүрүүдө жана иригацияда колдонулат. Мындан тышкары коңшу өлкөлөргө да экспорттолот. Бирок сугат суусун коңшу мамлекеттерге бөлүштүрүүдө да, өзүбүздүн  республиканын ичинде да так жөнгө салуу жана көзөмөлдөө жок. Акыркы жылдарда суунун натыйжасыз коротулуп жатканы байкалууда, анын 90%ы ирригациялык тармакта. Мунун себеби ирригациялык жана суу бөлүштүрүү системаларынын техникалык абалынын канааттандырарлык эместиги, техниканын эскилиги болуп саналат.

Мындан сырткары ичүүчү сууну туура эмес пайдалануу да көп кездешет. Мисалы, огороддогу жашылча-жемиш, бак-дарактарды сугаруу сыяктуу.

Калдыктар – Кыргызстанда экономикалык ишмердүүлүктүн узак мезгилинин ичинде радионуклиддерди, оор металлдардын туздарын (кадмий, коргошун, цинк, сымап), ошондой эле уулуу заттарды (цианиддер, кислоталар, силикаттар) камтыган ири көлөмдөгү өнөр жай жана коммуналдык катуу калдыктар топтолгон. ( нитраттар, сульфаттар жана башкалар). Айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Ушуга байланыштуу калдыктарды башкаруу маселеси абдан актуалдуу болууда.Уулуу калдыктардын негизги бөлүгү Ысык-Көл (61,4%) жана Баткен (25,8%) облустарына туура келет. Баткен облусунда алардын пайда болушунун негизги булактары Айдаркен сымап комбинаты жана Кадамжай сурьма комбинаты болуп саналат. Ысык-Көл облусунда 1997-жылдан бери калдыктардын көлөмү “Кумтөр” алтын кенин иштетүүнүн натыйжасында кескин көбөйгөн. Көптөгөн радиоактивдүү калдыктарды сактоо жайлары калктуу пункттардын ичинде жайгашкан. Бирок алар  тийиштүү деңгээлде сакталбайт.  Ошол себептен алар адамдардын ден соолугуна зыян келтириши толук мүмкүн. Бүгүнкү күндө жаратылыштын кубулуштарынын көбөйүшү менен сел, көчкү жүрүү сыяктуу табигый кырсык болсо радиоактивдүүлүк көбөйүп айлана-чөйрөгө тароо коркунучу жаралат. Бизде радиоактивдүүлүктүн канчалык деңгээлде тараганын да көрсөтүп турчу көрсөткүчтөр жок.

Таштандыларды чыгаруу маселеси[оңдоо | булагын оңдоо]

Учурда шаарларда (Республикалык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн маалыматы боюнча) таштандылар үчүн 31 полигон бар, анын жарымынан көбү (55%) санитардык нормаларга жооп бербейт. Колдонулуп жаткан контейнерлер жана адистештирилген автотранспорт шаарлардын керектөөлөрүн канааттандырбайт. Таштандыларды өзүнчө чогултуу системасы (тамак-аш калдыктары, макулатура, текстиль, металл сыныктары жана башка) толугу менен талкаланган. Калдыктарды кайра иштетүүчү  заводдор жок. Аймактарды таштандылардан  тазалоо системасы жеткиликтүү эмес. Шаарда жана шаар четиндеги аймактарда көзөмөлсүз таштанды таштоочу жайлардын саны кескин көбөйгөн.

Биотүрдүүлүктү коргоо[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызстандын аймагы биологиялык ар түрдүүлүктүн жогорку концентрациясы менен айырмаланат. Жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн сейрек кездешүүчү жана жоголуп бараткан түрлөрүнүн тизмесине канаттуулардын 53 түрү, сүт эмүүчүлөрдүн 26 түрү, жерде-сууда жашоочулардын 2 түрү, сойлоочулардын 8 түрү, балыктардын 7 түрү, муунак буттуулардын 18 түрү жана жогорку өсүмдүктөрдүн 89 түрү, козу карындын 6 түрү кирет. 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Кызыл китебинин жаңы басылышы чыккан, анын жаңыланган тизмесине сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан 207 жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн түрлөрү киргизилген. Сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан жаныбарлардын түрлөрүнүн тизмеси акыркы жолу 1984-жылы жаңыланган. Жашоо чөйрөсүнүн кескин өзгөрүшү жана өсүмдүктөр менен жаныбарлардын жаратылыштан түздөн-түз жок кылынышы 11 түрдүн жок болушуна алып келип, башкаларынын жок болуп кетүү коркунучун жараткан. Ошентип фаунадан ири жана орто сүт эмүүчүлөрдүн 3 түрү жок болуп кеткен, 15 түрү жок болуп кетүү коркунучунда; Канаттуулар фаунасынан 4 түр жок болуп кеткен, 26 түрү жоголуу алдында турат. Дары-дармек өсүмдүктөрүнүн, ошондой эле декоративдүү-техникалык маанидеги өсүмдүктөрдүн 3 түрү дээрлик жок болуп кеткен. 54 түрү жок болуп кетүү коркунучунда турат.  

Адамдар да токойлорду, бак-дарактарды, кыйып алардын азайышына алып келүүдө. Мындан сырткары да дары чөптөрдү түп тамыры менен казып алып, алардын жок болушуна алып келүүдө.[20]

Кыргызстандагы эколог аялдар[оңдоо | булагын оңдоо]

Мария Колесникова[оңдоо | булагын оңдоо]

Экологиялык активист, жаштардын укугун коргоочу жана Борбор Азиядагы абанын сапатын жакшыртуу үчүн мониторинг жүргүзүп иш алып барган MoveGreen уюмунун лидери. Колесникованын жетекчилиги астында MoveGreen AQ.kg тиркемесин иштеп чыкты, ал ар бир жыйырма мүнөт сайын Кыргызстандын эки ири шаарында – Бишкек менен Ошто абаны булгоочу заттардын, анын ичинде PM2.5, PM10 жана азот диоксиди боюнча маалыматтарды чогултуп турат.

Жаратылышты коргоого кошкон салымы үчүн БУУнун жаратылышты коргоо   программасынын алкагында  "Жердин чемпиондору" (2021) сыйлыгына ээ болгон. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен мындай жогорку сыйлыкты биринчи болуп Мария Колесникова алган.

Салтанат Сеитова[оңдоо | булагын оңдоо]

'"Бугу-Эне" коомдук фондунун президенти, Каракол шаарындагы зоопарктын башчысы, ветеринар. Бишкек шаарынын четинде жапайы жаныбарлар үчүн реабилитациялык борбор түздү. Борбордо сүлөөсүн, пеликандар, бүркүт жана ак илбирс жашайт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Tiondi, Evaline, "Women, Environment and Development: Sub-Saharan Africa and Latin America" (2000). Graduate Theses and Dissertations. https://scholarcommons.usf.edu/etd/1549
  2. IOSR Journal of Humanities And Social Science (IOSR-JHSS) (англ.). Volume 26, Issue 7, Series 2 (July. 2021) 45-49 e-ISSN: 2279-0837, p-ISSN: 2279-0845. www.iosrjournals.org
  3. 3.0 3.1 3.2 Environmental policy and Gender Issues from BRIDGE Report No. 30: Gender and Poverty, S. Baden with K. Milward, commissioned by SIDA, January 1995. https://www.gdrc.org/gender/gender-and-envi.html
  4. Environment and Planning D: Society and Space 2011, volume 29, pages 237–253 https://journals.sagepub.com/doi/pdf/10.1068/d16810
  5. Harcourt, Wendy (1994). Feminist Perspectives on Sustainable Development. International Society for Development.
  6. Beneria, Lourdes (2016). Gender, Development and Globalization: Economics as if all people mattered. New York: Routledge. pp. 1–6. ISBN 978-0415537490.
  7. 7.0 7.1 7.2 Leach, Melissa (January 31, 2007). ". Earth Mother Myths and Other Ecofeminist Fables: How a Strategic Notion Rose and Fell". Development and Change. 38 (1): 67–85. doi:10.1111/j.1467-7660.2007.00403.x.
  8. Braidotti, Rosi (1994). Women, the Environment, and Sustainable Development. Zed Books in association with INSTRAW.
  9. "Missing Women in Agriculture Reforms". Economic and Political Weekly. February 23, 2002.
  10. 10.0 10.1 Agarwal, Bina. (1992). The Gender and Environment Debate: Lessons from India. Feminist Studies. 18. 10.2307/3178217.
  11. Lastarria-Cornhiel, S. (2006). Feminization of Agriculture: Trends and Driving Forces. Santiago: RIMISP.
  12. 12.0 12.1 12.2 Schultz, Irmgard & Hummel, Diana & Empacher, Claudia & Kluge, Thomas & Lux, Alexandra & Schramm, Engelbert & Schubert, Stephanie & Stieß, Immanuel & Hayn, Doris & Ladewig, Johannes & Stiebig, Karim. (2001). Research on gender, the environment and sustainable development. Studies on gender impact assessment of the programmes of the fifth framework programme for research, technological development and demonstration.
  13. 13.0 13.1 Tiondi, T. (2001). Women, environment and development: Sub-Saharan Africa and Latin America (Theses and Dissertations). Paper 1549.
  14. 14.0 14.1 БУУӨП. Женщины и окружающая среда в Кыргызской Республике. (орус.). https://www.kg.undp.org/content/dam/kyrgyzstan/Publications/gender/Photostory%20RUSfinal.pdf(жеткиликсиз шилтеме)
  15. Agarwal, B. (1998). "Disinherited peasants, disadvantaged workers: a gender perspective on land and livelihood". Economic and Political Weekly. 33 (13 (Mar. 26 – Apr. 3, 1998)): A2–A14. JSTOR 4406578
  16. Rocheleau, D., Thomas-Slayter, B., & Wangari, E. (Eds.). (1996). Feminist Political Ecology: Global Issues and Local Experience (1st ed.). Routledge. https://doi.org/10.4324/9780203352205
  17. Bongaarts, John (February 26, 2016). "Slow Down Population Growth". Nature. 530 (7591): 409–412. doi:10.1038/530409a. PMID 26911766. S2CID 4463876.
  18. "Кабар": Экологическое положение в Кыргызстане. 13.11.2017 (орус.). https://kabar.kg/news/ekologicheskoe-polozhenie-v-kyrgyzstane/ Кирүү күнү: бугу айынын 17, 2022.
  19. 19.0 19.1 Грязный воздух. Районы в Бишкеке, опасные для жизни, 26.02.2018 (орус.). https://24.kg/obschestvo/76866_gryaznyiy_vozduh_rayonyi_vbishkeke_opasnyie_dlya_jizni/ Текшерилген күнү: бугу айынын 17, 2022.
  20. Экологический обзор КР. Бишкек, 2009. (орус.). ://aarhus.kg/wp-content/uploads/2017/01/Ecoobzor_2009.pdf