Аялдар консультациясы

Википедия дан

Аялдар консультациясы — төрөт үйүнүн же поликлиниканын аялдарга акушер-гинекологиялык жардамды ишке ашыруучу дарылоо-алдын алуу мекемеси.

Аялдар консультациясы аялдарга боюнда бар мезгилде, төрөттөн кийин жана ар кандай гинекологиялык ооруларда адистештирилген медициналык жардам көрсөтөт. Кош бойлуу аялдын токсикозун (талгагын), балдардын ара төрөлүшүн азайтуу максатында Аялдар консультациясы кош бойлууларды мүмкүн болушунча эрте каттоого алат. Аларга баланы бойдон алдыруунун зыяндуулугун, тамактануу эрежелерин түшүндүрөт.

Жүрөк-кан тамыр системасы "оорулуу. кууш жамбаш чаралуу, мурда кош бойлуу кезинде жана төрөттө кыйналган аялдар өзгөчө катталат. Кабылдоо байкалганда аларды төрөт үйүнө жаткырып, тийиштүү дарылоо алдын алуу чаралары көрсөтүлөт. Аялдар консультациясынын ишинде өзгөчө орунду боюнда бар аялдарды төрөткө даярдоо ээлейт. Аялдардын гинекологиялык ооруларын убагында табуу үчүн Аялдар консультациясы жылына бир жолу системалуу профилактикалык кароону өткөрөт. Санитария-гигиеналык тарбия берүү максатында «Энелердин мектеби» уюштурулат; анын милдети — аялдарды боюнда бар жана төрөттөн кийинки мезгилдеги өздүк гигиеналарына үйрөтүү, жаңы төрөлгөн балдарды туура тамактандыруу, багууну уюштуруу.

Аялдар консультациясы жок айыл жерлеринде бул иштерди участкалык оорукана врачынын жетекчилиги менен фельдшер - акушерлик пункт, айылдык төрөт үйү жүргүзөт. Айылда жашаган аялдарга акушер-гинекологиялык жардам көрсөтүү үчүн райондук ооруканадан акушер-гинеколог адистер мезгили менен кыдырып турушат. Боюнда барлар акушер-гинекологдун байкоосунда гана болбостон, ошондой эле терапевттин да көзөмөлүндө болууга тийиш.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8