Аңгеме

Википедия дан

Аңгеме эпикалык түргө кирүүчү чакан, катышуучу каармандары аз, сүрөттөлүүчү окуясы чектелген кара сөз (к.) түрүндөгү чыгарма. Турмуштук бир гана, же бир нече окуялар аңгемеге объект болуп алынат да, ал повесть, романдан көлөмүнүн кичинелиги менен айырмаланат. Аңгеме жанрында классикалык чыгармалар жаралган. Мисалы, Л. Толстойдун, А. П. Чеховдун, Н. С. Тургеневдин, А. М. Горькийдин аңгемелери алардын роман-повесттериндей эле сүйүп окулат. Кыргыз адабиятында бул жанрда Ж. Мавлянов, К. Каимов, К. Жусупов, М. Гапаров, М. Байжиев, А. Саспаевдер өзгөчө активдүү эмгектенишүүдө.

Булак: http://kyrgyzinfo.ru Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine