Аңгемелешүү (педагогика)

Википедия дан

Аңгемелешүү (педагогика) - окуучулардын таанып-билүүлөрүн активдештирүү максатында колдонулуучу окутуу ыкмаларынын бири. Аңгемелешүүдө окуучулар мугалим же жолдоштору тарабынан коюлган суроолорго жооп берүү менен жаңы билимге ээ болушат, өтүлгөн материалды кайталап бекемдешет. Ошондуктан суроолор жаңы түшүнүктөрдү калыптандырууга жана факт, кубулуш, процесстердин арасындагы жаңы байланыштарды түзүүгө, алган билимди пайдаланууга багытталып так, түшүнүктүү берилиши зарыл. Аңгемелешүү учурунда окуучулардын жеке өзгөчөлүктөрү ачык көрүнөт. Алардын бирөө окуянын же кубулуштун мүнөздүү белгилерин тез көрө билсе, экинчиси проблеманын мазмунун кыскача чечмелегенди жакшы билет, үчүнчүсү процессти так сүрөттөп көрсөтөт. Аңгемелешүү - психология жана педагогика илимдеринде адамдын психологиялык өзгөчөлүктөрүн (анын ишенимин, аракеттенүү багытын, кызыгуусун, чөйрөгө жана адамдарга болгон мамилесин жана башка), ошол өзгөчөлүктөрдүн калыптануу шарттарын үйрөнүү максатында пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1