Аңчы элдер
Аңчы элдер - аң уулоону кесип (чарба) кылып күн көргөн элдердин аталышы. Мындай чарбачылык алгач Африканын тропик токойлорунда, Түштүк-Чыгыш Азияда, Түштүк Америкада пайда болуп, айрым жерлерде азыр да бар. Аңчы элдер жашоо шарты ыңгайсыз, цивилизация дүйнөсүнө кызыкчылык туудурбаган жерлерде сакталып калган. Алар бүгүнкү күндө негизинен чөлдөрдө (түштүк-батыш Африкадагы бушмендер); Арктикалык мейкиндиктерди (арктикалык инуиттер); тропик токойлорун (Африкадагы пигмейлер) мекендешип, чөп-чардан, бак-дарактын бутактарынан, кабыктарынан жасалган алачыктарда жашашат. Алар общиналык-уруучулук түзүлүштө жашап, жапайы айбандарга аңчылык кылып, балык кармап, өсүмдүктөрдүн азыкка жарамдуу тамырларын чогултуп күн көрүшөт. Алардын негизги колдонгон куралдары: союл, таяк, найза, жаа, жебе, тор, тузак жана башка. Саны жагынан 30-100дөй адамды бириктирген анча чоң эмес топтордон турат. Өкмөт, бийлик структурасы жана аскердик уюму жок, уруудагы чыр-чатактарды уруу башчысы эле чечет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1