Түлөев Аскар

Википедия дан
А. Түлөев‎»‎ барагынан багытталды)

Түлөев Аскар (10. 7. 1920, Чүй өрөөнү, Төкөлдөш айылы - 27. 1. 1963, Фрунзе) - композитор, кыргыз профессионал музыкасын негиздөөчүлөрдүн бири.

1934-ж. Фрунзедеги музыкалык окуу жайынын үйлөмө аспаптар бөлүмүнүн гобой классында П. Шубинден, 1935-40-ж. Москвадагы М. ИпполитовИванов атындагы мызкалык окуу жайында труба жана гобой классында, 1941-44-ж. Москва консерваториясынын кыргыз студиясында теор.-композитордук ф-тинде, 1944-51-ж. проф. В. Ференин классында окуган. Орто Азиядагы композиторлордун ичинен алгачкы жолу көлөмдүү симф. жанрдагы чыгармаларды жазган. Чыгармалары шаңдуулугу, лирикалуулугу, профессионалдуулугу менен айырмаланат. «Биринчи симфонияны» (1961), «Атай» симфониясын (1963, бүтпөй калган), «Баатырдык» симф. поэмасын жараткан. Көрүнүктүү чыгармалары: «Ук, дүйнө», «Ант» вокалдык-симфониялык поэмалары (1955), «Кыргызстан» кантатасы (М. Абд раев менен бирге, 1946), «Ким кантти?» комедиясы (М. Абдраев, А. Малдыбаев, А. Аманбаев менен бирге, 1948), «Жапалак Жатпасов» (М, Абдраев менен бирге, 1944) драмасына музыка, квартет үчүн сюита: гобой менен фортепьяно үчүн «Тоодо», «Бий» ж. б. пьесалар. «Даңктан, Кыргызстан!», «Жар көрүү», «Тынчтык ыры», «Гүлдөгөн тынчтык», «Москва сүйлөйт», «Жаштарвальсы», «Балерина», «Ак билек» сыяктуу ыр, романстарды, «Советтик Кыргызстан» аттуу даректүү фильмге, М. Абдраев менен бирге «Курманбек» спектаклине музыка жазган. «Гүлдөгүн КыргызстанЬ (1974), «Тандалмалар» (түзгөн Б. Алагушов) аттуу хорлор, ырлар, романстар жыйнактары жарык көргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4