БУУ Өнөр-жайды Өнүктүрүү боюнча Уюму

Википедия дан

БУУ Өнөр-жайды Өнүктүрүү боюнча Уюму (U.N.I.D.O.-ЮНИДО) — 1974-жылы түзүлгөн. Борбору Венада. Максаты - өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өнөр жай тармагынын өсүү ыргагын арттыруу жана БУУнун тегерегиндеги өнөр жайга тиешелүү иш-аракеттерди координациялоо.

Негизги органы үч жылга шайланган 45 мүчөлүү Өнөр-Жайды Өнүктүрүү Кеңеши болуп саналат жана ал жыл сайын жыйынын өткөрөт. ЮНИДО өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө түздөн-түз жардам көрсөтөт, техникалык жардам берет, баяндама жасайт жана изилдөө жүргүзөт, адистик топтордун жыйындарын жана семинарларды өткөрөт. Билим берүү иштерин жүргүзөт. Өнүккөн өлкөлөргө да жардам бериши мүмкүн. 1975-жылы март айында 114 мүчө өлкөнүн катышуусунда Лимада өткөрүлгөн ЮНИДОнун Жалпы Конференциясында 84 аймакты камтыган документ (Лима декларациясы) кабыл алынган жана өнөр жай тармагында өнүктүрүү жана кызматташууну максат кылган дагы бир Операция Программасын түзүү пландаштырылган. Айрыкча дүйнөлүк өнөр жай өндүрүшүндө 7 %дык үлүшкө ээ болгон өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жогорудагы документтердеги белгиленген чаралар колдонулуп, бул үлүштү 2000-жылы 25 %ке чыгаруу максат кылынган (бүгүнкү күнү алардын өндүрүштөгү үлүшү 9 %га жакын).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9