Баалуу кагаз эмиссиясы

Википедия дан

Баалуу кагаз эмиссиясы (лат. emissio – чыгарым) – КР мыйзамдарында белгиленген баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча эмитент аракетинин ырааттуулугу. Эгер КР мыйзамдарында башкача каралбаган болсо, эмиссия жол-жобосу өзүнө төмөнкү баскычтарды камтыйт: эмитент тарабынан баалуу кагаз чыгаруу жөнүндөгү чечим түшүнүгүн; баалуу кагаз чыгарууну каттоо; документардык тариздеги чыгарылыштар үчүн – баалуу кагазды жана/же тастыктамаларды даярдоо; баалуу кагазды жайгаштыруу; баалуу кагаз чыгаруу жыйынтыгы тууралуу отчетту каттоодон өткөрүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]