Баалуу кагаз ээси
Көрүнүш
Баалуу кагаз ээси – баалуу кагаздар жеке менчик катары тийиштүү болгон адам. Документардык таризде чыгаралган баалуу кагаздардын эмиссиясына ээлеринин укуктары тастыктамалар менен (эгер ал ээлеринин колунда турса) же депозитарийлердеги эсепке жазуу жана (эгер тастыктамалар депозитарийге сактоого берилсе) тастыктамалар менен күбөлөндүрүлөт. Документардык эмес таризде чыгарылган баалуу кагаздардын эмиссиясына ээлеринин укугу реестр тармагында – реестрди кармоочунун эсебине жазуу же (баалуу кагаздарга ээлик депозитарийде эсепке алынса) депозитарийдеги эсептик жазуулар боюнча күбөлөндүрүлөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|