Бааны дифференциациялоо
Көрүнүш
Бааны дифференциациялоо бирдей продукцияга ар кыл баа ченин коюу. Мында ишканага тиешесиз экономика, табигый, аймак шартына байланыштуу продукция чыгаруу, сатуу чыгымынын түрдүүлүгү, продукциянын сапаты эске алынат. Бааны дифферанциалоо ишканалардын киреше деңгээлин теңдемелейт, бул көбүнчө даярдоо ишканаларына (жыгач даярдоо жана башка), ошондой эле бир катар иштетүүчү тармактарга (ун тартуу, пахта тазалоо жана башка) тиешелүү.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1