Баатыр башы

Википедия дан

Он миң аскерди башкарган аскер башчысы. Сагымбай Орозбаковдун вариантында аскердик ушул мааниде берилген. Чоң казатка аттанган колго Бээжинге туулуп-өскөн, анын жайын толук билген Алмамбет жол башчылыкка дайындалат. Он башы, жүз башы, миң башы, ошондой эле он миң аскерге башчы кылып «Он миңди баатыр башы деп, Ойлонсоң жумуш ушу деп» (Сагымбай Орозбаков, 4. 124) Б. б-ны шайлайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4