Бабанский, Юрий Константинович

Википедия дан

Юрий Константинович Бабанский (1927–1987) – педагогика илимдеринин доктору, профессор. Окутуу процессин оптималдаштыруу теориясын иштеп чыккан. Бул теорияны стратегиялык жана практикалык мүнөздөгү педагогикалык көйгөйлөрдү чечүүнүн бирден бир жолу катары эсептеген.

Окуучулардын билиминин кунарсыздыгынын себептерин астейдил, ар тараптуу айкындоонун негизинде мектептердеги ордуна калуучулуктун алдын алуунун эффективдүү формаларын жана ыкмаларды тандап алуу боюнча конкреттүү сунуштарды, кеңештерди иштеп чыккан. Ошондой эле педагогдук эмгекке илимий негизде уюштуруу теориясынын түптөлүшүнө да чоң салым кошкон.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,