Бабкин Михаил Николаевич

Википедия дан

Бабкин Михаил Николаевич - (22. 1. 1922, Воронеж облусу, Аннинский району, Старая Тайга кыш. 8. 12. 1959) учкуч, авиациянын майору, Советтик Союздун Баатыры (1945). 1941-жылы Көк-Жаңгак шаарынан аскерге чакырылып, 1943-жылы Чкалов аскердик авиация мектебин бүтүргөн. Улуу Ата Мекендик согушта 1943-жылы июлдан штурмалоочу Кызыл Туулуу Волковыск 198-авиация полкунун курамында Беларусияны бошотууга катышып, Польша жана Чыгыш Пруссия аймактарында салгылашкан. Бул салгылашууларда 145 жолу согуштук учуу жасап, душмандын 85[[ автомашинасын, 8 самолётун, 5 зениттик жана согуштук артиллериясын, ошондой эле күйүүчү май, ок-дары сакталган складдарын талкалап, керектен чыгарган. Согуштан кийин Советтик Армиянын катарында кызмат өтөөнү улантып, аскердик кызмат учурунда авиациялык катастрофадан курман болгон. Анын ысмы Жалал-Абад шаарындагы мектепке жана көчөгө ыйгарылган. Эки Ленин, төрт Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]