Бага

Википедия дан

Бага — кыргыздардын байыркы жана орто кылым доорлорундагы мамлекеттик-башкаруу титулу. Илтереш-каган өз амири менен Тонюкукка («Юан чжен») «бойла бага таркан» деген титул ыйгарганы маалым. Байыркы кыргыз мамлекети административдик-аймактык жактан алты бирдикке («баг») бөлүнгөндүгү тууралуу даректүү маалыматтар бар. Бүгүнкү Тувадагы Өөк Тарлактан нЕ.1э табылган байыркы кыргыздарга таандык эстеликте: «...атым Эл Туган Тутук бен(мен). Теңири элимке элчиси эртим. Алты баг будунгка [элге] эр [тим] » - деген саптар жазылган. Байыркы түрк сөздүгүндө (ДТС) төмөнкүдөй маалымат бар: «Alti bag» 9-к. азыркы Туванын аймагындагы аскердик-административдик бирдиктер. 840-ж. кийин (9-к.) азыркы Туванын аймагы Кыргыз каганатынын курамына киргендиги маалым. Бирок даректүү маалыматтар Тува аймагы 7-к. чейин эле кыргыздар байырлаган негизги аймак болгондугун тастыктайт. Уйгурлардан тартылып алынган жерлерге, жаңы ээликтердеги жашаган уруулардын үстүнөн кыргыздар өзгөчө башкаруу системасын киргизишкендиги көрүнүп турат. Бага + чы: чыгыш теги байыркы мезгилдерге таандык -чы/-чу мүчөсү түрк тилдеринде продуктивдүү колдонулуп, адамдардын жашаган аймактарын да аныктайт. Изилдөөчүлөр «бага» сөзүн «топ», «түйүн», «бөлүк» же, тагыраак айтканда, мааниси «урук», «уруу» деген тыянак айтышат. Демек, «баг» термини административдик- аймактык бирдиктерге бөлүнүүдө «уруу», «урук» деген аталыш менен бирдей мааниде колдонулган десе болот. Анткени эзелтеден аймактык-административдик бөлүнүштөр уруулук же этностук белгилерге карата аныкталып келери маалым.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]