Багдаш Халед

Википедия дан

Багдаш Халед (15. 11. 1912-ж. т. ) - Сириядагы жумушчу жана улуттук-боштондук кыймылынын ишмери.

Жумушчу кыймылына 18 жашынан катышты. 1930-жылдан Сирия коммунисттик партиясынын (СКП) мүчөсү, 1933-жылдан СКП БКнын секретары, 1937-жылдан ген. секретары. Коминтерндин 7-конгрессине (1935) катышкан.

1954-58-ж. Сириянын парламентине депутат. КПССтин 19-20 -съезддерине жана коммунисттик жана жумушчу партиялардын Москвада өткөн кеңешмесине (1957), Сирия менен Ливан компартияларынын делегацияларына, КПССтин 21-22 -съезддерине, коммунисттик жана жумушчу партиялардын 1960, 1969-ж. Москвада өткөн эл аралык кеңешмесине Сирия компартиясынын делегациясына башчы болуп келген. Багдаш - бир катар теориялык жана публицистика эмгектердин автору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.