Багир-Хан

Википедия дан

Багир-Хан (1915-ж. ө. ) - Иран революциясы (1905-11) убагында Тебриздеги федайлардын (партизандардын) ыктыярдуу революциячыл отряддарынын башчысы (1908-09).

Ирандын улуттук баатыры, Саттар-хандын шакирти. Кесиби - дубалчы. Шахтын аскерлери менен хандардын реакциячыл отряддарынан Тебризди коргошкону үчүн Б. "эл башчысы" деген наам алган. 1-дүйнөлүк согуш мезгилинде Багир-Хан Ирандын бурж. улутчулдарын жактаган. Касре-Ширин аймагында иран-дыктар менен курддардын ортосунда чыккан жаңжалда каза тапкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.