Багратиэн Пётр Иванович

Википедия дан

Багратиэн Пётр Иванович - (1765-1812) князь, орус генералы (1809), Француз-орус согушунун (1812) баатыры. Кизляр шаарында грузиндин эзелки княздар уруусунан чыккан полковниктин үй-бүлөсүндө туулган. 1782-жылдан аскер кызматында. Орус-түрк (1787-91) жана Польша согушуна (1793-94) катышкан. А. В. Суворовдун 1799-жылдагы Италия, Швейцария жортуулунда генерал-майор чининде алдыңкы отрядга командалык кылып, Франция менен согушта (1805-07) орус армиясынын арьергардын башкарган, орус-швед согушуна (1808-09) катышып, Аланд а-дарын ээлеген. Орус-түрк согушунда (1806-12) армияларга командалык кылган. Батыш армиясына, Бородино салгылашында орус аскерлеринин сол тарабына командачылык кылып, туруктуулуктун жана эр жүрөктүүлүктүн үлгүсүн көрсөткөн. Ошол согушта курман болуп, сөөгү Сима кыш-на коюлган. 1839-жылы ал жерден Бородино талаасына алып келип көмүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]