Бадаларт

Википедия дан

Бадаларт – тарыхый топоним, Какшаал кырка тоосундагы ашуунун аты.

Тан династиясынын тарыхына караганда бул ашуу Бода, Бада (Бодалин), Баньд деген аттар м-н 7–8-к-дан бери эле белгилүү. Таншуда булар Үчтурпан м-н Ысык-Көлдүн ортосундагы тоолор деп каралат. В. В. Бартольддун (1893) ою б-ча Бода (Бада) Какшаалдагы Бедел тоосун билдирет. Бада түрк тилиндеги бадал деген сөздүн калькасы болуу керек. Махмуд Кашкар өзүнүн «Түрк тилдеринин сөздүгү» (11-к.) китебине «Бадаларт Үч (Үчтурпан) м-н Барсагандын (Барскон) ортосундагы бир жай, өтүүгө кыйын чоку» экенин айкындайт. Үчтурпандыктар Бедел ашуусун азыр деле Бадалдаван дешээри жөнүндө саякатчы С. Сунаргулов 1879-ж. жазган. Ашуунун, тоонун, андан башталган суунун кыргызча аты башынан эле Бедел. Сибирдик тарыхчы И. Г. Андреев кыргыз жеринде Беделен деген адам жеткис аскалуу улуу тоо бар деп мындан 200 жыл мурда эле жазып кеткен.

Орус саякатчысы Мокин 1820-ж. Беделди ашып, аны картага түшүргөн. Немец географы А. Гумбольдт Теңир-Тоодогу эң белгилүү ашуунун бири Бедел деп белгилеген (1831-ж.). Б. (Бедел) аркылуу түрк элдери эзелтеден катташып келген. Кербен жол, көптөгөн саякатчылар (1885-ж. Н. М. Пржевальский да) ушул ашуу м-н өткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2