Бадана

Википедия дан

Бадана - жоокерлер кийүүчү ок өтпөс тон, зоот; баатырлардын сырт кийими. Эпостордо ок өтпөгөн бадана тон же кош бадана деп да берилет: «Жакасы алтын, жеңи жез, кош бадана, торгой көз. Келеме жака, кең күрмө, керишке тийсе ок өтпөс». Айрым учурда чың бадана деп берилет: «Чыйырчык алтын, чымчык көз, чың бадана торгой көз». Бадана ичке металл зымдан жасалган чынжырчалардан (диаметри 13-16 мм) өрүлгөн зоот кийим экендиги жоромолдонот. Сак, сармат, байыркы түрк дооруна тиешелүү эстеликтерди казуу учурунда буюмдар менен кошо бадананын калдыктары да табылып, анын жеңи чыканакка, этеги тизеге чейин жетип, эки капталы тилик, тик жакалуу жасалгандыгын айгинелейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]