Бадигин Михаил Петрович
Бадигин Михаил Петрович - (21. 10. 1923, Ульяновск облусу, Новоспасский району, Суруловка кыш.) Даңк орденинин толук кавалери. 1942-жылы Советтик Армияга Ош облусунун Кара-Суу районунан чакырылган. 1942-45-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка катышып, фронтто артиллерист болгон. 1944-ж. Магрушев плацдармы үчүн салгылашуудагы эрдиги үчүн 3-даражадагы Даңк ордени, 1945-жылы душмандын Берлинге кире беришинде коргонуусун бузуп өткөндөгү каармандыгы үчүн 2-даражадагы Даңк ордени, Берлин үчүн салгылашта көрсөткөн эрдиги үчүн 1-даражадагы Даңк ордени менен сыйланган. Согуштан кийин партиянын Ош обкомунда инструктор болуп иштеген.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1