Бажы алымы

Википедия дан

Бажы алымы — өлкөнүн чегарасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлардан, мүлктөн, баалуулуктардан алынуучу мамл. акча жыйымы. Бажы алымынан бажы мекемелери жыйнайт. 1947-жылы Тарифтер жана соода тууралуу генералдык макулдашуу түзүлгөн. Анда бажы тарифин төмөндөтүү максаты коюлган. Европа экономикалык союзунун (ЕЭС) катышуучулары өзара соодадагы Бажы алымынан алып салышкан жана башка өлкөлөргө карата бирдиктүү бажы тарифин белгилешкен. Бажы алымынан импорттолуучу товарлардын баасын жогорулатуу менен мамлекетке ички рынокту коргоого, товарлардын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн чектөөгө, импорттун көлөмүн жана структурасын жөнгө салууга мүмкүндүк берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]