Бажы тосоту

Википедия дан

Бажы тосоту – КР бажыкана бөлүгү; белгилүү бир жайда же аймакта толук бажы жол-жоболоштуруусу менен бажы көзөмөлүн жүргүзөт. Бажыдан айырмаланып, ал юридикалык жак укуктарына ээ эмес. Башкача айтканда, Б. т. бажыкана түзүмүнүн белгилери бар жана ал тосот баш ийген бажыкананын юрисдикциясында турган топ. Адатта, Б. т-нун иши облустун 1–2 районунда, унаа каражат байланыштарынын объекттеринде (аэробекетте, темиржол бекетинде) жүргүзүлөт. Эреже катары, Б. т. мамлекеттик чек-араны бойлото ар бир өтмөк жайга коюлат. Эң ири өнөр жай ишканасында да түзүлүшү мүмкүн. Б. т. көбүнесе жүктөрдү карап чыгуу жана аны жол-жоболоштуруу иштери менен шугулданат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]