Мазмунга өтүү

Бажы чек арасы

Википедия дан

Бажы чек арасы — мамлекеттин бажы аймагын курчап турган шарттуу тилке.

Кыргызстандын бажы чек арасы Кыргызстандын бажы мыйзамдары колдонулган мейкиндикти чектеп, коңшу өлкөлөрдүн бажы аймагынан бөлүп турат. Тышкы жана ички бажы чек арасы деген түшүнүккө бөлүнөт. Мамлекеттин бажы аймагынан сырткары жерлер тышкы бажы чек арасы болуп саналат; ал адатта мамлекеттик чек-ара менен шайкеш келет (бажы анклавынан, эксклавдардан жана башка учурлардан сырткары). Тышкы бажы чек арасында мамлекеттик чек ара жөнүндөгү мыйзамдарда белгиленген административдик-укуктук режим иштейт. Чек ара аскери менен кошо бажычылар тарабынан корголот. Бажы аймагынын боштугу менен кампалардын боштук чеги ички бажы чек арасы болуп саналат. Ал укук макамы боюнча тышкы менен теңдештирилген: эркин аймак жерлери чек ара сыяктуу каралгандыктан, ага кирүү атайын көзөмөлдүк өтүм-жай аркылуу өтүм-кат менен гана жүргүзүлөт. Ички бажы чек арасы аркылуу өтүүдө жүк менен кол-жүктөр мамлекеттик чек арада колдонулуучу бажы тартиби боюнча өткөрүлөт. Ал эркин бажы аймагынын администрациясы менен бирдикте бажычылар тарабынан корголот.

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7