Базарбаева Айша

Википедия дан

Базарбаева Айша (1950-ж. т., Кемин району, Тегирменти айылы) - комузчу, темир ооз комузчу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти(1994).

  • 1968-ж. Кыргыз мамлекеттик М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын эл аспаптар бөлүмүн бүтүргөн.
  • 1966-ж. Кыргыз мамлекеттик филармониясынын К. Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринде комуз черткен.
  • Кезинде темир комузчулар ансамблин жетектеген, обончулардын, кыргыз, орус композиторлорунун ырларын аткарган.
  • Ч. Кожомжаров уюштурган алгачкы кыргыз эстрада ансамблинде ырдаган.

Белгилүү обончу С. Жумалиевдин «Дзержинский гүлбагым», В. Шаинскийдин «Мени менен бирге бол» ж. б. лирикалык ырларды аткарган.

  • К.Орозов атындагы академиялык эл аспапгар оркестри менен КМШ өлкөлөрүндө, Монголияда, Швейцарияда, Мозамбикте, Лаосто, Эфиопияда, Франиияда, Исландияда, Пакистанда, Кореяда гастролдо болгон.
  • 1970-ж. «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалы, 1987-ж. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.