Мукаш Базаркулов

Википедия дан
Базаркулов Мукаш‎»‎ барагынан багытталды)

Базаркулов Мукаш - (5. 6. 1935, Нарын облусунун, Ак-Талаа району, Саз айылы) педагог, КРдин эл мугалими (2005). Мугалимдердин эки жылдык институтун (1955), КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1962). 1955-57-жылдары Ак-Талаа районундагы «Жаңы-Тилек», «Саз» жети жылдык мектептеринде мугалим болуп иштеген. 1965-жылы чейин Тогузторо районундагы орто мектепте мугалим, Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Кыргызстан Компартиясынын Ак-Талаа райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы (1965-68), 1970-жылы КП БКнын инспектору, 1971-79-жылы партиянын Талас райкомунун экинчи жана бириичи секретары, 1979-91-жылдары Билим берүү министри болгон. 1991-жылдан Чүй облусунун билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенет. Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Эмгек Кызыл Туу ордени (1973) жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1