Базен Луи

Википедия дан

Базен Луи - француз ориенталисти, чыгыш тануучу, атактуу түркологдордун бири. Луи Базен 1920-ж. декабрь айында Нормандиядагы (Франция) Кальвадос аймагында мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.Франциядагы эң белгилүү түркологодордун бири. Жаш кезинен илимге кызыгып, француз, грек, немис, латын тилдерин жана классикалык адабияттарды окуган. 1943-1945 жж. Париждеги университеттин тирүү (колдонулуп жаткан) чыгыш тилдери факультетин бүтүрүп чыккан. Профессор Жан Денинин (Jean Deny) мыкты окуучусу болгон Базен 1945-жылы апрелде, Франциядагы фашисттик өкмөт кулагандан кийин, француз өкмөтү тарабынан Анкарага түркчө үйрөнүү үчүн жөнөтүлөт. Түркияда 3,5 жыл болгон Луи Базен белгилүү түр тарыхчылары Нуруллах Атач, Орхан Вели жана Мехмет Фуат Көпрүлү менен жакындан таанышып, тажрыйба алмашкан. 1948-ж. Түркиядан кайрылып келип бир жыл Парижде окуусун уланткан. 1949-жылы агайы профессор Жан Дени ардактуу эс алууга чыгып, анын ордуна Чыгыш Тилдер институтуна окутуучулукка чакырылган. Луи Базен бул Борбордо 40 жылдык өмүрүн түрк тилдерин окуп-үйрөтүү, изилдөө менен өткөрдү. Париждеги Лингвистикалык жана Азия коомдоруна мүчө, Эл аралык Чыгыштаануучулар Кенешине башкы катчысы болгон. 1950-ж. Сорбоннада Жогорку изилдөө мектебинде семинар өткөрүүчү уюм түзгөн. Ал жерде түрк тилинин тарыхы жана Орто Азиядагы түрк элдеринин тилдери боюнча дарстарды окуган. Бул семинарлар күнүбүздө да уланууда. 1978-ж. Парижде профессор наамын алган. 1990-ж. ардактуу эс алууга чыккан. 2011-ж. 9-мартта көз жумган.


Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. Aventures merveilleuses sous terre et ailleurs de Er-Töshtük le géant des steppes (1989) de Er-Töshtük, Pertev Boratav, Louis Bazin

2. Les systèmes chronologiques dans le monde turc ancien. Bibliothéca orientalis hungarica (1991)

3. Mélanges offerts à Louis Bazin par ses disciples, collègues et amis (17 avril 1992)

4. Jean-Louis Bacqué-Grammont, Institut français d'études anatoliennes d'Istanbul

5. Introduction à l'étude pratique de la langue turque - Louis Bazin - 1987-Librairie d'Amérique et d'Orient - J. Maisonneuve, succ

6. Le Livre de Dédé Korkut, récit de la geste Oghuz - Louis Bazin - Altan Gökalp

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015