Базофилия

Википедия дан

Базофилия - клеткалык түзүлүштөрдүн негизги бойоктор менен бойолууга жарамдуулугу.

Базофилия клеткалар да кычкылдуу компоненттердин - көбүнчө рибонуклеин кислоталарынын (РНК) болушуна негизделген. Базофилия белокту көп синтездегендиктен, составында РНК арбын клеткаларга мүнөздүү болот.

Мис, эмбриондун, шишиктин жана нервдин клеткалары ж. б. Бул процесс жөнүндөгү тагыраак көрсөткүчтөр авторадиография жана цитофотометрия методдору аркылуу аныкталат. Клеткалык структуралардын Базофилиясы же ацидофилиясы кандын клеткаларын айырмалоо, гипофиздин алдыңкы бөлүгүнүн клеткаларын жана башкады анализдөө үчүн пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.