Адамкалый Байбатыров

Википедия дан
Байбатыров, Адамкалый‎»‎ барагынан багытталды)

Адамкалый Байбатыров (1895, Чүй облусу, Кант р-ну, Атбашы айылы – 1953, Бишкек) – белгилүү кыргыз өнөрпозу, тунгуч куурчак оюнчусу, темир комузчу, имитатор (тууроочу). Кыргыз Респ-нын эмгек сиңирген артисти (1941). 1937-ж. Кыргыз филармониясынын солисти. Октябрь революциясына чейин эле (1912) эл арасына куурчак оюнун көрсөтө баштаган. Чүй, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө «Куурчак катын Курунтай», «Теке сүзгөн келин», «Жарын тапты» сыяктуу кыска куурчак спектаклдерин көрсөткөн (1921–25). А. темир комузда «Күйгөн», «Күңөтай», «Кыздарай» аттуу обондорду, «Тагылдыр тоо», «Турумтай», «Булбул», «Карача-Торгой», «Көк музоо», «Чоор күүсү», «Арман күү» деген күүлөрдү аткарган. А. тунгуч темир комузчулардын ансамблин түзгөн (1938).

Маалымат булактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]