Чоор
Чоор — элдик үндүү аспаптардын эң байыркысы. Үйлөмө аспаптардын түрлөрүнө кирет. Ал негизинен өрүк, карагайдан жасалат. Мурун куурайдан да, шилбиден да чоор жасалган. Аларга койдун кызыл өңгөчүн каптап, чоордун эки башы ачык болгон. Чоорду жасоо жана аны тартуу — жеринен сейрек көрүнүш. Натыйжада, чоорчулар аз. Азыр анын аягы тыйылып баратат. Үч-төрт гана үн чыгып, айрым обондор чоорго келүүчү эмес. Чоор кийин жокко чыгып баратышы төгүндөлбөйт. Мына ушуларды эске алып, аны жакшыртуу үчүн нооталык түзүлүшүнө ылайыктап кайра өзгөртүп жасоого чеберлер узанышууда. Мында аспапка үн, көрк жана форма берүү көңүлдүн башында турат. Ооздон чыккан жел түтүк аркылуу чоордон үн берүүчү тешигин үйлөнүп, жеңил үн чыгарууга мүмкүндүк түзүлүүдө. Ошондо чоордун ичиндеги «жөнгө салгыч» оңго же солго буралып, чоордогу үн берүүчү тешикти издейт. Эгерде бул жөнгө салгыч толук өз милдетин аткара албаса, анда «жардамчы жөнгө салгычтын» буроосун бошотуп, оңго же солго айлантып, же узартып, же кыскартып, чоордун үнүн издеп табууга болот.. Бул «жардамчы жөнгө салгыч» жез түтүгүнөн жасалууда. Анын узундугу 14 см, дм 8 мм болот. Мындай элдик үндүү аспап оркестрге кошулууда.
Маалыматтын булагы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү.(жеткиликсиз шилтеме) Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9