Байбиченин соорусу, Тоо

Википедия дан

Байбиченин соорусу, ТооКыргыз Ала-Тоосунун түндүк-чыгыш четиндеги тоо. Чыгыштан батышка 18 кмге созулат, туурасы 3–5 км. Орточо бийиктиги 1700–2000 м, эң бийик жери 2254 м. Түзүлүшү боюнча горст-антиклиналь. түштүк капталы тик жана чолок, түндүгү жантайыңкы.

Үстү жон сымал келип, байыркы денудациялык рельефтен турат. түндүк бетин жана жонун шалбаалуу талаа, чыгыш жана түштүк капталдарын кургак талаа ландшафттары ээлейт. Түндүгүндө Бөрүбай, түштүгүндө Желаргы өрөөндөрү жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]