Байгабылов, Талантбек (Талант)
Байгабылов, Талантбек (Талант) (1921–1992) - жазуучу, акын. 1921-жылы 14-майда Талас районундагы Кырк-Казык айылында туулган. 1940-жылы Фрунзе шаарындагы педагогикалык окуу жайын, 1952-жылы мугалимдер институтун, 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик пединститутунун тил жана адабият факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1940-жылы мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1951-жылы Талас облусунун Покровка райондук «Ленин жолу» гезитинин редактору, 1957-жылы Талас райондук аткаруу комитетинин маданият бөлүмүнүн башчысы, 1958-жылы Таластагы «Лениндик туу» гезитинин бөлүм башчысы болуп иштеген.
Чыгармалары 1943-жылдан тартып жарыялана баштаган. «Менин досторум» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы 1952-жылы жарык көргөн.
1958-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, 1959-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү болгон.
Улуу Ата Мекендик согуштун 1-даражадагы ордени, «Эрдик үчүн», «Ленинградды коргогондугу үчүн», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта каарман эмгеги үчүн», «Эмгек ветераны» медалдары, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Грамоталары, СССРдин Эл агартуу министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Эл агартуунун отличниги.
Жарык көргөн китептери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]...
Кыргыз тилинде
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Менин досторум: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 64 б.
- Бактылуу жаштар: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1953. – 104 б.
- Дайыма бирге: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1956. – 105 б.
- Өчпөс жарык: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 167 б.
- Тоо эчкинин улагы: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 70 б.
- Мергендин сыры: Повесть. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 127 б.
- Жашыл-Сай: Повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1961. – 176 б.
- Күүлөр: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1961. – 92 б.
- Айыбы ачылгандар: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1962. –89 б.
- Досторумдун жолунда: Повесттер жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1966. –230 б.
- Каалоо: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 70 б.
- Күкүк. – Ф.: Мектеп, 1967. –27 б.
- Биз биргебиз: Роман. – Ф.: Мектеп, 1968. –422 б.
- Үмүтүм: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1978. –13 б.
- Повесттер жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 224 б.
- Жол сыры: Повесттер жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 108 б.
- Кыя жолдор: Роман. – Ф.: Адабият, 1989. – 208 б.
- Жагоочон балдар: Аңгемелер. – Ф.: Адабият, 1989. – 49 б.
- Акматбек: Даректүү повесть: Жаштар үчүн. – Б.: Адабият, 1993. – 88 б.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011 ISBN 978-9967-26-379-6
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|