Байгабыл кызы Жумабүбү

Википедия дан

Байгабыл кызы Жумабүбү Оймочу жана саймачы. 1923-ж. Кант районундагы Жер-Казар айылында төрөлгөн.

Караколдогу педагогиялык окуу жайын бүтүргөн. Кант районундагы III интернационал орто мектебинде эмгектенет. Ал «1941-45-жылдардагы эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы, «Ардак белгиси» ордени менен сыйланган. 1990-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Ал шырдак оюмдары түшкөн буюмдарды жасайт. Жердигин кийиз, кыжымы; тукаба, баркут, чий баркут, трайкеден тандайт. Чакан үлгүлөрдү кармап, үй ичин көрктөндүрөт. Мунун ичинен кийиз буюмдары салттуулукту баяндайт. Бири-бири менен жиксиз биригип, көркөм оюмдары ич ара тутумдашкан шырдактарынын табакчаларындагы төрт «куш оюмдун» башына «карга тырмак оюмун» чыгарып, андан төрт «кочкор мүйүз оюмун» пайда кылат. Мындай уздук «кочкор мүйүз оюмунун» үстүнөн «карга тырмак оюмун» төптүктө чыгарууда айрыкча билинип турат. Же төрт табакча оюм бир шырдактын ортолук оюмдары болуп, четтик (жээк) оюму үчүн ал «жарым кыялды» пайдаланат. Ортолук оюмга «бадам оюму» тушташ берилет да, эки оюм бычак учу аркылуу айырмаланып, табакчалар «мандалак оюму», «бадам оюму» сымал түшөт. Жумабүбү уздун шырдактарынын жээк оюмдары «жагалмай канат оюмдарынан» да туруп, чакан шырдактары эки эсе табакчадан түшүп, анда «кочкор мүйүз оюмунун» үстүнөн «ачкыч оюму» (ал дайыма оюм үстүнөн орун алат) чыгын, сыртынан «жүрөкчө оюму» болуп көрүнөт. Эки оюмдун араларын «аламыч» эмес, түр жип аркылуу эки элидей эндей кийиздин сыртын милтелеп «суу» өңдөнтүп койгон учурлары да бар. Эки кийизди беттей ойгондуктан шырдактын төрт бурчунан өөн-келки чыгарбайт, Ага да «куш канат оюмун», «карга тырмак оюмун», «ачкыч оюмун», «мүйүз оюмун шартташтырат. Уз элдик кийим-кечектерди бычып тигип, аларга көркөм көчөттөрдү келтирет. Жумабүбү азыр мектепте көркөм кол өнөрчүлүк боюнча музей уюштуруп, окуучуларды узчулукка үйрөтүүдө. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1989 ж. Кыргызстан эл чеберлер союзун уюштуруу курултайына карата «Эл чеберлеринин республикалык көргөзмөсү». ЭЧЖРКнүн медалы, диплому; 1990 ж. Кыргызстан Эл чеберлеринин республикалык уюштуруу көргөзмөсү. Кийиз буюмдары жана элдик кийим-кечектери коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0