Байда Григорий Иванович

Википедия дан

Байда Григорий Иванович (16.12.1902 – 25.1.1981) - комбайнёр, эки жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры (1951, 1958), УССРдин айыл чарбага эмгеги сиңирген механизатору.

1959-жылдан КПССтин мүчөсү. 1929-32-ж. заводдо иштеген. Криничан районундагы Криничан МТСинин тракториста (1932-38), Новомосковск МТСинин (1938-41, 1945-59) жана Днепропетровск областынын Новомосковск районундагы "Выдвиженец" колхозунун комбайнёру (1959).

С-6 комбайны менен 25 жумуш күнүндө 8197 ц дан жана май өсүмдүгун бастырган (1950), УССР Жогорку Советинин 5-шайл. депутаты. Эки Ленин ордени, башка 2 орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.