Байжигитов, Калыбек

Википедия дан

Байжигитов, Калыбек - сынчы, адабиятчы. 1952-жылы 8-декабрда Ысык-Ата районунун Бириккен айылында туулган. 1969-жылы Сын-Таш орто мектебин, андан кийин 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин филология факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Өзүнүн эмгек жолун 1976-жылы Кыргыз улуттук илимдер академиясынын тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкерликтен баштаган. 1983-жылы филология илимдеринин кандидаттыгына диссертация коргогон.

1982–1997-жж. аралыгында КМУУда окутуучу, ага окутуучу, доцент, кафедра башчысы жана кыргыз филологиясы факультетинин деканы кызматында, 1997-жылы И.Арабаев атындагы педагогикалык университетке которулуп, филология факультетинин деканы, кыргыз адабиятынын кафедра башчысы, 2001-жылдан Мамлекеттик тил жана маданият институтунда директордун окуу иштери боюнча орунбасары болуп иштеген. 2006-жылдан Ж.Баласагын атындагы улуттук университетте кафедра башчысы, профессор болуп эмгектенет.

К.Байжигитов адабий сынчылыкка студент кезинен активдүү аралаша баштаган. Анын адепки рецензиясы 1972-жылы «Кыргызстан маданияты» гезитине жарыяланган. Ошондон баштап 150дөн ашуун ар кыл макалаларды жарыялады. Ал эки томдук «Кыргыз Совет адабиятынын тарыхы», «Кыргыз эл акындарынын чыгармачылыгы», «Кыргыз адабият таануу илими жана сыны» китептеринин авторлорунун бири.

1989-жылдан Жазуучулар союзунун мүчөсү. Кыргыз Республика-сынын Грамотасы, Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак Грамоталары менен сыйланган. Н.Байтемировго «Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер», «Кыргыз Эл жазуучусу» ардак наамдары берилген. Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Турмуш жана мүнөз: Адабий сын макалалар. – Ф.: Мектеп, 1982. – 107 б.

Кайчылаш жолдор: Сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 71 б.

Кыргыз мифтери, уламыштары жана легендалары. – Ф.: Илим, 1985. – 170 б.

Кыргыз адабий сынындагы чеберчилик маселелери. Б.: КМУУ, 1991. – 90 б.

Кыргыз адабий сынынын тарыхы. I бөлүм. – Б.: 1992. – 208 б.

К.Осмоналиев: Чыгармачылык өнөркана сыры. – Б.: КМУ, 2003. – 130 б.

Кыргыз адабий сыны жана илими. – Б.: Полиграфкомбинат, 2006. – 170 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]