Байжыев Ташым Ысак уулу

Википедия дан

Байжыев Ташым Ысак уулу (1909, Тепке айылы, Ак Суу району, Ысык-Көл обл. -1952) - адабиятчы, сынчы, драматург, тилчи, агартуучу, СССР жазуучулар союзунун мүчөсү (1936).

  • 1930-жылы Кыргыз педтехникумун, 1940-жылы Кыргыз мамлекеттик пединститутун бүтүрөт.
  • 1930-1932жылдары Ош облусунун Гүлчөдөгү балдар үйүнүн директору,
  • 1932-1936-жылдары Жалал-Абад педагогикалык окуу жайында окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштөө менен кыргыз тили, адабияты жана кыргыз тарыхынан сабак берген.
  • 1940-1942 жана 1944-1949-жылдары СССР ИАсынын Кыргыз филиалында Тил, адабият жана тарых институтунда Фольклор жана «Манас» эпосу секторунда анын башчысы болуп эмгектенген.
  • 1940-1950-жылдары Кыргыз мамлекеттик пединститутунда окутуучу.
  • 1933-жылы Бектенов Зыяш менен биргелешип биринчи жолу 3-4-класстар үчүн кыргыз тили боюнча, ал эми 1949-жылы орто мектептерде кыргыз адабиятын окутуу боюнча окумун түзүшөт.

Бул эмгектер бир нече жолу кайталанып басылып чыгат. Кыргыз мектептеринде элге билим берүүдө зор салым кошот.

Адабий чыгармачылыгы 1920-жылы башталат. Бул жылдары алгачкы аңгемелери жарык көрөт. 1927-жылы «Кызыл Кыргызстан» газетасында «Кызыл учкун» деген адабий ийрим пайда болот. Ал ушул ийримдин мүчөсү болгон. Бара-бара бул уюм Кыргыз жазуучулар союзунун жаралышына уютку болуп берет.

1930-1940-жылдары кыргыз адабиятын изилдөө жана сын жазуу аракети башталат. «Кырманда» (1934), «Жигиттер» (1944) деген пьесаларды да жазат. Котормочулук аракети башталат. А. Треневдун «Любовь яровая», A. А. Островскийдин «Сепсиз кыз» пьесалары анын которуусунда Кыргыз драма театрында коюлган. A. С. Пушкиндин, И. С. Тургеневдин, Л.Н. Фурмановдун, A. А. Фадеевдин ж. б. чыгармалары орус тилинен кыргыз тилине которот. 1936-жылы СССР жазуучулар союзуна мүчө болот. 1950-жылы Т. Б айжыев жалган жалаа менен репрессияга туш болот да, 10 жыл эркинен ажыратылат (1990-жылы акталган).

Ташым Байжыев - Зыяш Бектенов, Хусеин Карасаевдер менен жолдоштук жана чыгармачылык байланышта болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9