Байкабаздыктан жасалган кылмыш
Appearance
Байкабаздыктан жасалган кылмыш – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча жеңил ойлуулук же байкабаздык менен жасалган жосун. Эгерде адам өз аракетинин (аракетсиздигинин) коомдук коркунучтуу кесепеттерин баамдай алса, бирок жетиштүү негиздер болбосо деле өзүнө өзү ишенип, аларды болтурбайм деп ойлосо, кылмыш жеңил ойлуулук менен жасалган кылмыш катары таанылат. Эгерде адам өз аракетинин (аракетсиздигинин) коомдук коркунучтуу кесепеттерин баамдай албаса, бирок аларды баамдоого тийиш болсо жана баамдоосу мүмкүн болсо, кылмыш этиятсыздык менен жасалган кылмыш деп табылат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|