Байказак кабырстаны

Википедия дан

Байказак кабырстаны - 7-9-кылымга таандык археологиялык эстелик. Нарын районундагы Байказак айылынын түндүгүндө, Нарын дарыясынын сол өйүзүндөгү секиде жайгашкан. Бул жерде таштан курулган байыркы көрүстөндөр, маркумга арналып тургузулган коргончо-айкелдер орнотулган. Байзак кабырсканы археология эстелиги 1990-ж. К. Табалдиев тарабынан изилденген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4