Байкелова Бермет

Википедия дан

Байкелова Бермет (1960-ж. т., Жумгал району, Кайырма айылы) - ырчы.

  • Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (2000).
  • 1982-ж. Фрунзедеги М. Күрөңкеев атындагы музыкалык Окуу жайынын вокалдык-ырдоо бөлүмүн,
  • 1986-ж. Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун вокалдык-ырдоо бөлүмүн СССР эл артисти Б. Миңжылкыевдин классынан бүтүргөн.
  • 1987-ж. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген коллективи К. Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринде ырчы болуп иштөөгө чакырылат.
  • Байкелованын өздүк репетуарынын өзөгүн элдик жана Атайдын «Эсимде», Жумамүдүндүн «Түшүмдө», С. Жумалиевдин «Махабат нуру», М. Бостонкуловдун «Сендей жылдыз таппадым», Б. Садыковдун «Кыздын кагы», К. Тураповдун «Махабат вальсы» аттуу ж. б. лирикалык ырлары түзөт.

Ошондой эле дүйнөлүк классик композиторлор Чиаронун «Испан болеросун», Бизенин «Испан серенадасын», Чайковскийдин «Ал эрте жазда болгон», Пуччининин «Тоска» аттуу операсынан Тосканын ариясын, ырларын жогору чеберчиликте аткарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.