Байланышкан термелүү

Википедия дан

Байланышкан термелүү - байланышкан системалардын эркин кыймылы (термелүүсү). Алар өз ара аракеттенишкен жалгыз (парциалдык) системадан турат. Бир парциалдык системадагы термелүү башка термелүүлөргө байланыш аркылуу таасир эткендиктен, байланышкан термелүү татаал болот. Сызыктуу системаларда байланышкан термелүүнү нормалдуу термелүүнүн суперпозициясы түрүндө болушу мүмкүн, мында термелүүнүн саны парциалдык системанын санына барабар. Бирок жыштыгы обочолонгон парциалдык системалардын өздүк жыштыгы менен дал келбейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4