Байланыштын интегралдык санарип тармагы

Википедия дан

Байланыштын интегралдык санарип тармагы - сигналдарды экилик санарип түрүндө кабыл алуучу, таратуучу жана иштеп чыгуучу байланыш тармагы. Ал электрондук интегралдык микросхемалардын негизинде түзүлгөн. Интегралдык микроэлектроника бир жарым өткөргүч кристаллында ар кайсы электрондук функциялык элементтерди өтө тыгыз жайгаштыруу принцибине негизделген. Азыркы интегралдык микроэлектроникадагы, компьютер техникасындагы, спутник радио байланышындагы өсүш, аналог (үзгүлтүксүз) байланышынан кыйла ишенимдүү санариптик байланышка өтүүгө шарт түздү. Натыйжада санариптик телефон байланышы, санарип телекөрсөтүүсү, бүткүл дүйнөлүк интернет тармагы кеңири жайылтылды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4