Байланыш аба линиясы

Википедия дан

Байланыш аба линиясы - арматуранын (изолятор, илмек ж. б.) жардамы менен түркүктөргө асылып тартылган зым. Аны менен телефон, телеграф, фототелеграф кабарлары, радиоуктуруу программасы, телебашкаруу, телеөлчөө сигналдары берилет. Радио байланыш каналы телеграф жана телефон каналы деп бөлүнөт. Көп каналдуу телеграфтоодо бир эле канал боюнча бир нече байланыш ишке ашырылат. Бул үчүн алыскы телефон байланыш каналы пайдаланылат да, ал канал электр чыпкалары менен ичке бөлүккө бөлүнүп, алардын ар бири боюнча телеграф кабары берилет. Ал тоналдык телеграфтоо деп аталат. Бул учурда жез же биметалл зымдары пайдаланылып, 2 зымдан турган зым керме боюнча жогорку жыштыктагы токтун күчү менен бир убакытта 15-18 телефондук сүйлөшүү жүрөт. Мында 150 кГц жыштыктагы диапазондо сигнал берилип, ар бир телефон каналы 3-4 кГц диапазондо иштейт. Түркүктөргө бекитилүүчү арматура катары изолятор, илмек, траверс ж. б. колдонулат. Изолятор фарфордон же айнектен жасалат. Башкача айтканда л-сын тыгыздоодо байланыш каналынын санын көбөйтүү жолу менен бир эле маалда бир эле зым керме боюнча көп абонент байланыштырылат. Радио каналын тыгыздоодо берүүчү жана кабыл алуучу аппараттар кезеги менен үзгүлтүксүз иштетилет. Таркатылуучу сигналдардын физика табияты боюнча Башкача айтканда л-нын электр, акустикалык, оптикалык деген түрлөрү болот.Башкача айтканда л-ида башка жактан пайда болгон бөлөк ток, ошондой эле жана байланышка жолтоо болуучу башка таасирлер да болот. Байланыш түзүлмөлөрүнө коркунучтуу таасир тийгизе турган булактарга: а) чагылган, б) магнит талаасы, в) жогорку жана төмөнкү чыңалуудагы электр линиясы, г) электр тогу (агыны) менен жүрүүчү транспорт линиясы ж. б. кирет. Кош башкача айтканда л. бири бирине жолтоо болуучу токту пайда кылбашы үчүн абада ар бир кош зым өзүнчө асылып, берки эки зым белгилүү аралыкта кайчылаштырылып тартылат. Кабель линиясында ар бир кош зым өзүнчө оролуп изоляцияланат. Радио программалар кабель аркылуу берилгенде, зымдар электр экраны менен корголот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4